Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 сааттын ичинде 232 жаракат алган адам ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Натыйжада согуштук аракеттерден улам ооруканага жаткырылгандардын саны 6000ден ашты.
Бул тууралуу The Times of Israel маалымдады.
Акыркы суткада дарыланган бейтаптардын ичинен экөө оор абалда, сегизи орточо оор абалда, ал эми 215и туруктуу абалда болгон. Дагы жети адам тынчсыздануу (стресс) бузулуусунан улам дарыланган.
Министрликтин маалыматына ылайык, 28-февралдан тартып Иран менен согуш башталгандан бери жалпысынан 6008 адам ооруканага жаткырылган. Азыркы учурда алардын 121и дарыланууда.
Жабыркагандардын арасында аскер кызматкерлери да, жай тургундар да бар.

















