Ислам революциясынын сакчылар корпусунун коомчулук менен байланыш бөлүмү «Чыныгы убада 4» операциясынын 84-толкунунун алкагында америкалык буталарга жаңы чабуул жасалганын билдирди.
Иран тараптын билдирүүсү боюнча, аскер-деңиз күчтөрү АКШ менен байланышкан аскердик буталарга, Перс булуңунун жээгиндеги объектилерге жана порт инфраструктурасына комбинацияланган сокку урду.
Операция учурунда «Кадр-380» үлгүсүндөгү баллистикалык жана канаттуу ракеталар ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган.
Билдирүүгө ылайык, натыйжада «Аш-Шиух» портунда АКШга таандык 6 даана LCU үлгүсүндөгү десанттык кемеге сокку урулуп, алардын 3өөсү чөгүп, калгандары өрттөнүп жатканы кабарланды.
Мындан тышкары, бир эле убакта дрондор менен Дубайдагы мейманканалардын биринде жайгашкан АКШнын учкучсуз аппараттар бөлүгүнүн офицерлери топтолгон жайларга сокку жасалганы айтылды.
Операциянын жүрүшүндө тактикалык кемелердин жок кылынышы менен катар көп сандаган америкалык аскерлер да каза болгону кабарланды.
Маалыматта Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү мындан ары да «душмандын аракеттерине катуу жооп кайтарарын» билдиргени белгиленет.
Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине жана Израилдин аймагына сокку уруп жатат. Бул аракеттер АКШ жана Израилдин 28-февралда Иранга каршы баштаган агрессиясына жооп катары жүргүзүлүүдө.


















