АКШнын президенти Дональд Трамптын рейтинги Ак үйгө кайтып келгенден берки эң төмөнкү деңгээлге түштү.
Reuters/Ipsos агенттигинин акыркы сурамжылоосуна ылайык, Трампты колдоо рейтинги 36%га чейин түштү. Бул көрсөткүч бир жума мурун 40%ды түзгөн.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, рейтингдин төмөндөшүнө 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга соккулары башталгандан кийин бензиндин баасынын кескин жогорулашы негизги себеп болгон.
Сурамжылоо көросөткөдөй, америкалыктардын 35%ы гана АКШнын Иранга сокку урууларын жактырышат, ал эми 61%ы каршы.
Ошондой эле, АКШнын коомдук пикиринде Трамптын күчтүү жактарынын бири болуп келген “экономика” маселесинде, өлкө калкынын 29%ы гана Трамптын экономикалык саясатын жактырат, бул Трамптын президенттигинин тарыхындагы эң төмөнкү рейтинг жана андан мурунку демократ Жо Байдендин башка экономикалык рейтингдеринен да төмөн көрсөткүч болуп саналат.

















