Bloomberg маалымдагандай, Жакынкы Чыгыштагы уланып жаткан жаңжалдын фонунда Улуу Британиянын экономикасынын өсүшү 2026-жылы дээрлик эки эсеге кыскарышы мүмкүн.
Pantheon Macroeconomics аналитиктери өсүш 0,6% деңгээлинде болот деп божомолдошууда (2025-жылы 1,3% болгон). Ал эми KPMG жана Barclays эксперттери болжол менен 0,7% өсүш күтүшүүдө.
Англия банкы күйүүчү май бааларынын өсүшү инфляцияны март айында 3,5% га чейин жеткириши мүмкүн экенин эскертти. Айрым экономисттер инфляция 5%га чейин жогорулашы мүмкүн деп эсептешет.
Pantheon компаниясынын башкы экономисти Роберт Вуд жогорку пайыздык чендер, белгисиздик жана калктын кирешесинин азайышы экономикалык активдүүлүктү басаңдатарын белгиледи.
Регулятор ошондой эле АКШ менен Ирандын ортосундагы согуш керектөөчүлөрдүн көбүрөөк үнөмдөшүнө жана жумушсуздуктун өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.
Буга чейин эксперттер рецессия коркунучтары тууралуу эскертип, АКШнын соода тарифтери Британия экономикасына 21,6 млрд фунтка чейин зыян алып келиши мүмкүн экенин белгилешкен.




















