Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Мен билген Мелибаев

  • Маданият
  • 24.03.2026 10:02

Loading

Жыйырманчы кылымдын сексенинчи жылдарында, жаңылбасам, мен эң биринчи жолу өзбек журналисти, жазуучусу Ахмаджан Мелибаев менен… сырттан таанышкам. Анткени өзүм “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жаңыдан иштеп жүрчү чагымда Казакстандагы, Өзбекстандагы кудум биздикиндей басылмаларга такай жазылып, окуп туруум жеке чыгармачылыгыма пайдалуу деп эсептейт элем. А “Өзбекстан адабияты жана санаты” апталык гезитинин агездеги башкы редактору, эми эскерип отурганымдай, Ахмаджан Мелибаев болчу.

Бул инсанга токсонунчу жылдардын орто ченинде бетме-бет, көзмө-көз кезиктим. Ал Ош тарапка Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин Ташкенттеги адабий басмалардын биринде эмгектенген дагы бир белгилүү акын, колу жеңил котормочубуз Турсунбай Адашбаевге кошулуп, эл-журттун өткөөл замандагы акыбалын суроо максатында эки-үч күнгө келип калган экен. Адегенде Ноокаттын айтылуу Карагой капчыгайынын токой-суусун тамшана аралап, таза абасын жутуп, эртеси Сузакта мектеп окуучуларына, Жалал-Абадда китеп окурмандага чогуу-чаран жолугуп, анан акшам маалда азиз меймандарыбызды жергиликтүү калемдешим Абдуганы Абдугапуров экөөбүз Анжияндын темир жол бекетинен артка, үй-жайына узатканбыз.

Ахмаджан Мелибаев мага кадыресе салабат күткөн, оор басырыктуу, ошол эле учурда оозунда ширин кеби бар, аския-апсанага, орундуу тамашага жуук, көңүлү куунак, жайдары адамдай таасир этти. Ошондо калемгердин беш-алты ойдон чыгарылбаган аңгемелеринин колжазамасын колтугундагы бапкесинен суурутуп алып, көп создуктурбай кыргызчалап, мезгилдүү басма сөзгө жарыялагам.

Тема боюнча

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

05.09.2026

Ошентип ортобуздагы азыноолак чыгармачылык алака, жылуу урмат-сый кыска мөөнөттөгү баарлашуудан улам башталды окшобойбу. Кийинчерээк Ахмаджан ага Өзбекстандын борборунда айтылуу Алишер Навоинин эне тилинде басылган прозалык жыйнагыма алгы пикирин жоомарттык менен, кенен-чонон баяндап, ак батасын аябай арнады, а түгүл анын поэтикалык аталышын да сунуш кылды: “Шоро-Башат -менин бешигим”.

Өзбек калемдешибиздин өзгө жанда жок өзгөчөлүгү кыргыз калкынын турмушун, салт-санаасын, маданиятын абыдан мыкты билгенинде турат. Береги касиети Чыңгыз Айтматовдун кундуу рухий нарктарын, көөнөрбөс сабактарын замандаштарыбызга агызбай-тамызбай жеткирүүдө айрыкча чагылып көрүндү.

Баса, муну Ташкенттеги Мырза Улукбек атындагы Улуттук университеттин астында уюштурулган “Айтматов жана Өзбекстан” аттуу туруктуу экспозицияга баш багууга чыгынгандын жалпы баары түкшөмөлдөбөй түшүнөт. Эмне деген көркөм, илимий-изилдөөчүлүк дөөлөттөр, эмне деген сейрек маалыматтар, сүрөттөр! Аларды ар кайсы булактардан терип-тепчип, жыйнап, аспиеттеп сактап, ай айлантпай жаңыртып, бара-бара байытып, дүйүм журттун, бөтөнчө жаңы муундун керегине жараткан жөн билги мүдүр, талыкпас айтматов таануучу, азыр кадыр-барктуу “Жахан адабиёти” (“Дүйнөлүк адабият”) журналынын башкы редактору, жердиги Ала-Тоолук ардактуу акебиз Ахмаджан Мелибаев эмес бекен?!

Ий-е, ушу тапта ысымы өзбек-кыргызга тең барабар таанымал сүрөткердин жаш курагы, куда кааласа, сексенди сермеди. Аксакалыбыздын дарегине кубаныч толо кутуктоомду бүгүн айтпасам, качан айтам? Албетте, ага чын дилимден аманчылык, жаратмандык эргүү, изги ийгилик каалайм!

Абибилла ПАЗЫЛОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: адабиятАйтматовМаданият
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

Маданий революция  же унутулуп бараткан кыргыз кийимдери кайра жанданууда

19.10.2026
Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

Кырчын этношаарчасы – чек арасыз маданият: Дүйнө элдеринин байыркы мурастары

05.09.2026
Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

03.08.2026
Иран Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө даярдык көрүүдө

Иран Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө даярдык көрүүдө

23.06.2026
Ш. Мирзиёев: “Адабиятты жана искусствону колдоонун жаңы этабы башталды”

Ш. Мирзиёев: “Адабиятты жана искусствону колдоонун жаңы этабы башталды”

02.06.2026
Р. Аманова Венгриянын мамлекеттик  ордени менен сыйланды

Р. Аманова Венгриянын мамлекеттик ордени менен сыйланды

21.04.2026
29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет

21.04.2026
Өзбекстанда Тажикстандын маданияты жана кино күндөрү өтөт

Өзбекстанда Тажикстандын маданияты жана кино күндөрү өтөт

23.03.2026
С. Жапаров РФнын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү М. Швыдкойду кабыл алды

С. Жапаров РФнын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү М. Швыдкойду кабыл алды

25.02.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.