Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи АКШ Ирандагы кыздар мектебине Tomahawk канаттуу ракеталары менен сокку уруп, мүмкүн болушунча көп жоготууларга алып келүүнү көздөгөнүн билдирди.
“Алар эки Tomahawk колдонушкан. Бирден-бир максат – максималдуу жоготууларды алып келүү болгон. Алар 170ке жакын бейкүнөө адамды өлтүрүштү, алардын көбү балдар болгон”, – деди ал италиялык Corriere della Sera гезитине берген маегинде.
Багаи мектеп Ислам революциясынын сакчылар корпусунун базасынын жанында жайгашкан деген дооматтарга комментарий берип, АКШ менен Израил “ооруканаларды, мектептерди, стадиондорду жана Кызыл Жарым Ай коомунун имараттарын” бутага алып жатканын билдирди.
“Алар өз максаттарын аскердик базалардын жанында жайгашканын айтуу менен актап жатышат”, – деди ирандык дипломат.
28-февралда Израил жана АКШ Иранга каршы чабуулдарды башташкан. Иран жооп иретинде Израилдин аймагын жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алууда.
Чыр-чатактын биринчи күнүндө Ирандын түштүгүндөгү кыздар мектебине кол салуу болуп, 170ке жакын окуучулар каза табышты. Ошол эле күнү Тегеранга жасалган чабуулда Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи шейит болгон.
Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин айтымында, чабуулдардан каза болгон жайкын тургундардын жалпы саны 1300дөн ашты, ал эми 17 000ден ашуун адам жаракат алды.
Израилде Ирандын жооп кайтаруу соккуларынын жана “Хезболланын” аракеттеринин натыйжасында кеминде 13 адам каза болду. 11-мартка карата маалымат боюнча 2500 адам ооруканага жаткырылган, алардын 10ну оор абалда. 8-мартта Израилдин коргонуу күчтөрүЛивандын түштүгүндө эки жоокердин каза болгонун ырастаган.
АКШ аймактагы сегиз аскер кызматкеринин каза болгонун расмий түрдө ырастады. Дагы 140тай жоокер жаракат алган.


















