Иран аймактагы АКШнын үч согуштук учагын атып түшүрдү.
Бул тууралуу Иран күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” аскердик командачылыгынын борбордук штабы билдирди.
“Аймактагы абадан коргонуу системалары үч америкалык согуштук учагын атып түшүрдү”, – деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.
Буга чейин Кувейттин Коргоо министрлиги өлкөдө бир нече америкалык согуштук учагынын кыйраганын жана алардын учкучтары аман калганын билдирген.
Кувейттик жарандар тарабынан жарыяланган сүрөт-видеолор кеминде 2 согуштук учактын атып түшүрүлгөнүн тастыктайт. F-15 согуштук учактарынын бири өрттөнүп, экинчиси кулап түшкөн.
АКШнын командачылыгынын маалыматы боюнча F-15 учагы абадан коргонуу операциялары учурунда “достук атуудан” атып түшүрүлгөн. Учкучтар кырсыкка чейин катапульта менен секирип кетүүгө үлгүрүшкөн. Учкуч парашют менен конуп, андан кийинки эвакуациясы тууралуу видеолор мурда интернетте пайда болгон.
Азырынча кырсыкка чейин парашют менен секирген 3 америкалык учкучтун сүрөтү жарыяланды.
Учкучтардын бири кувейттик жарандын алдында тизелеп, колун көтөрүп турганын көрүүгө болот. Айрым колдонуучулар ал сүрөттү Иран жасалган кол салуудан “Трамптын мурасы” деп аташууда.
Дагы бир учкуч жаракат алып, дарылануу үчүн ооруканага жеткирилген. Видеодон учкуч унаанын багажнигинде жашынып отурганын көрүүгө болот.















