Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран ракеталарынын учуу аралыгын 2000 чакырым менен атайылап чектегенин билдирди. Ошентип ал Тегеран АКШ аймагына жетүүгө жөндөмдүү узак аралыктагы ракеталарды иштеп чыгууда деген дооматтарды четке какты.
Аракчи бул тууралуу шаршемби күнү эфирге чыккан India Today телеканалына берген маегинде айтты.
Маек, сыягы, Аракчи Швейцариянын Женева шаарына АКШ менен өзөктүк программа боюнча боло турган сүйлөшүүлөргө жөнөп кетерден мурда жаздырылган.
Анын айтымында, Иран АКШнын саясаты, анын ичинде президент Дональд Трамптын тушунда да, Иран коому менен түз байланыштын негизинде эмес, түшүнбөстүктөрдүн жана тышкы факторлордун таасиринде калыптанган деп эсептейт.
Аракчи азыркы кастыктын тамырын 1979-жылдагы Ислам революциясынан көрөт. Ал революциянын натыйжасында АКШ колдогон шах кулатылып, Батышка багытталган монархиянын ордуна Ислам Республикасы түзүлгөн. Бул окуя Иран менен Вашингтондун жана анын союздаштарынын ортосундагы мамилени түп-тамырынан өзгөрткөн.
«Акыркы 47 жыл ичинде биз алардын кастык мамилесинин объектиси же курмандыгы болуп келдик, — деди ал. — Алар баарын сынап көрүштү. Бир нече жолу төңкөрүш уюштурууга аракет кылышты. Саддам Хусейнге сегиз жылдык согушту баштоого жардам беришти. Өткөн жылы дагы бир согуш болду. Ар кандай санкциялар. Максималдуу басым. Бирок мунун баары ишке ашкан жок».
Кийинчерээк ал АКШнын Иран тууралуу түшүнүгү түз маалыматка эмес, сырткы баяндарга негизделгенин белгиледи.
«Анткени аларда Иран жана иран эли тууралуу чыныгы маалымат жок, — деди ал. — Алар негизинен израилдик лоббисттер тараткан жалган маалыматтар менен камсыз болушууда».
Аракчи АКШ саясатын кайра карап чыкса, Иран мамилелерди өзгөртүүгө даяр экенин кошумчалады.
«Менимче, диалогду калыбына келтирүүнүн жалгыз жолу — иран эли менен урмат-сый тилинде сүйлөшүү, — деди ал. — Эгер алар ушул тилде сүйлөшүүгө аракет кылышса, натыйжасын көрүшөт. Биз да алар менен ушундай тилде сүйлөшөбүз».
Тышкы иштер министри Тегеран АКШга жетүүгө жөндөмдүү узак аралыктагы ракеталарды иштеп чыгууда деген билдирүүлөрдү да четке кагып, муну «фейк жаңылыктар» деп атады. Анын айтымында, Иран ракеталарынын учуу аралыгы атайылап 2000 чакырым менен чектелген жана алар глобалдык коркунуч жаратуу үчүн эмес, коргонуу жана токтотуу (сактандыруу) максатында гана багытталган. Министрдин пикиринде, Трамп жалган маалыматтын курмандыгы болгон.
Ал Ирандын ракеталык программасы өлкөнү коргоого багытталганын белгилеп, өткөн жылдын июнь айындагы согуш маалында өзүн-өзү коргоо зарылдыгына шилтеме жасады. Анын айтымында, бул согушка Израиль жана АКШ күнөөлүү. Ал Израилди аймактагы жаңжалга умтулган жалгыз оюнчу деп айыптап, Иран коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү уланта берерин билдирди.


















