Пакистан армиясынын маалыматына ылайык, 24-февралда пакистандык талибандардын (ПT) 26 мүчөсү жана Белужистанды боштондукка чыгаруу армиясынын (BLA) 8 мүчөсү жок кылынган.
Пакистандагы Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында жүргүзүлгөн операциялардын жүрүшүндө 34 согушкер жок кылынды.
Dawn гезитинин маалыматына ылайык, Пакистан Куралдуу күчтөрүнүн Коомчулук менен байланыш кызматы (ISPR) күч түзүмдөрү «интенсивдүү чалгындоо операцияларын» жүргүзүп жатканын билдирген.
24-февралда пакистандык талибандардын (ПT) 26 мүчөсү жана Белужистанды боштондукка чыгаруу армиясынын (BLA) 8 мүчөсү жок кылынган.
Билдирүүдө операциялардын натыйжасында ПTга таандык курал-жарак жана ок-дары тартып алынганы айтылат. Пакистандын коопсуздук күчтөрү өлкө чек араларын коргоодо чечкиндүүлүгүн улантууда.
Пакистан президенти Асиф Али Зардари операциялардын ийгилиги менен Куралдуу күчтөрдү куттуктап, терроризмдин тамырын жоюу боюнча иш-аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да өкмөттүн өлкөдөгү терроризмди жоюуга болгон чечкиндүүлүгүн тастыктады.
Пакистандагы террор көйгөйү
Куралдуу кол салуулар негизинен Пакистандын чек ара аймактарында, айрыкча Афганистан менен чектеш Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында жасалууда.
Өздөрүн пуштун жана белуж этносторунун укуктарын коргойбуз деп атаган куралдуу топтор пакистандык күч түзүмдөрүнө, инфраструктурага жана тынч жарандарга кол салууларды уюштурушат.
Исламабад ПTнын штабы Афганистанда жайгашып, чабуулдарын ошол жактан координациялайт деп билдирет, ал эми афган жетекчилиги бул айыптоолорду четке кагууда.
Белужистанда негизги коркунуч Белужистанды боштондукка чыгаруу армиясынын (BLA) чабуулдарынан келип чыгууда. BLA Белужистанды Пакистандан бөлүп чыгып, аймакты өз алдынча башкарууну көздөйт.



















