Рамазан айынын жүрүшүндө түрк агенттиги Казакстандын 8 шаарында муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын таратып берет.
Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) Рамазан айына карата Казакстандын борбору Астана шаарында 500 адамга ооз ачуу уюштурду.
Астанадагы Хазрет Султан мечитинде TİKA тарабынан уюштурулган «Жүрөк дасторкону» аттуу ифтарга Казакстандын мамлекеттик мекемелеринин жана уюмдарынын өкүлдөрү, жарандык коом өкүлдөрү, долбоор боюнча өнөктөштөр, Астанадагы түрк мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.
TİKAнын Казакстандагы координатору Фуат Эрдогмуш өз сөзүндө Рамазан — адамдар жакшылыкты бөлүшкөн ай экенине токтолуп: «Рамазан — жүрөктөр жакындашып, тилектештик бекемделген өзгөчө мезгил. Бүгүн биз боордош казак эли менен бир дасторкондо отурганыбызга чоң кубанычтабыз», — деди.
Эрдогмуш Рамазан айынын ичинде Казакстандын 8 шаарында муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк топтомдору таратыларын билдирди. Ал ошондой эле TİKAнын Казакстандагы ишмердүүлүгү эки өлкөнүн тарыхый жана маданий байланыштарын мындан ары да чыңдап жатканын кошумчалады.
Түркия менен Казакстандын терең достугуна жана боордоштук мамилелерине арналган, 500 адам катышкан ифтар дуба менен жыйынтыкталды.



















