Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бүгүн социалдык тармак аркылуу билдирди.
“Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат” деп жазды Аскат Алагөзов Фейсбукка.
Былтыр 3-сентябрда мурдагы мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңешке Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүүнү сунуштаган. Эки күн өтпөй, 5-сентябрда мыйзам долбоору коомдук талкуунун бирдиктүү порталына илинген. Ал эми 10-сентябрда документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоо тапкан.
Шаардык кеңештин депутаттары андан көп узабай, 27-сентябрды Манас шаарынын күнү деп белгилөө чечимин кабыл алышкан. Бул дата ошол кездеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин туулган күнүнө дал келери айтылган. Камчыбек Ташиев шаардын макамы өзгөрөрүн, болочокто борбор болуп калышы мүмкүн экенин да айткан:
“Саясатчылар буга чейин Манас шаары борбор болуп калышы мүмкүн деп айтып жатышпадыбы. Аны келечек көрсөтөт. Биз ошого татыктуу болсок, эмне үчүн болбойт? Кудай кааласа, болот. Ага татыктуу болушубуз керек. Бул үчүн шаарыбызды даярдашыбыз керек. Элибизди даярдашыбыз керек”.
Мурдагы Жалал-Абад, азыркы Манас – Кыргызстандагы үчүнчү чоң шаар. 1877-жылдан бери шаар деген макамга ээ. Ал эми 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору катары аныкталган.
Жалал-Абад Кыргызстандын борбору болууга биринчи талапкер болгон
1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн мезгилде административдик борбор болууга Жалал-Абад, Кочкорка, Пишпек, Беловодское жана Ош шаарлары талапкер болгон.
Ошол кездеги көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Юсуп Абдрахмановдун сунушу менен тандоо Жалал-Абадга түшкөн.
Бирок борбор ал жерде туруктуу жайгашкан эмес: административдик имараттардын жана зарыл инфраструктуранын жоктугунан улам убактылуу борбор Ош шаары болуп, кийин акыркы чечим менен Пишпек (азыркы Бишкек) борбор болуп бекитилген.



















