Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Дмитрий Любинский БУУнун Уставын коргоо боюнча Достор тобунун жогорку деңгээлдеги жыйынында АКШны Венесуэланын президенти Николас Мадурону бошотууга чакырды.
«Вашингтонду Венесуэланын президенти Николас Мадурону жана анын жубайын токтоосуз бошотууга чечкиндүү түрдө чакырабыз. Венесуэланын эгемендүүлүгүн урматтоону жана бардык пикир келишпестиктерди тынч жол менен жөнгө салууну дайыма колдойбуз», — деди ал.
Дипломат ошондой эле Россия Венесуэланын мыйзамдуу бийлигин шартсыз колдой турганын, өлкөгө тышкы кийлигишүүсүз өз тагдырын өзү аныктоого кепилдик берилиши керек экенин кошумчалады.
Ал мындан тышкары, АКШнын Кубага карата аракеттерин кескин айыптап, бул чаралар өлкөнү энергетикалык кризистин босогосуна алып келгенин белгиледи. Любинский мындай мыйзамсыз санкциялардын максаты өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жаратуу жана башка өлкөлөр менен экономикалык жактан натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн чектөө экенин белгиледи.
Кубада күйүүчү май кризиси Дональд Трамп кол койгон жарлыктан кийин күчөгөн. Ал жарлык Кубага мунай жеткирген өлкөлөргө каршы бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мүмкүндүк берет. Россиянын Гаванадагы элчиси Виктор Коронелли билдиргендей, Москва республикага мунай жеткирүүнү улантууну көздөйт. Кийинчерээк Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков кырдаалды оор деп атаган. Россия тарап кубалык өнөктөштөр менен маселени чечүү жана жардам көрсөтүү жолдорун талкуулоодо.
Мындан тышкары, Любинский Вашингтонду Ирандын тынчтык максатындагы өзөктүк объектилерине сокку уруудан баш тартууга чакырды. Ал Россия тынч сүйлөшүүлөргө кайтуу үчүн зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
АКШнын Венесуэлага каршы аскерий операциясы
3-январга караган түнү Каракас шаарында жардыруулар болгон. Дональд Трамптын айтымында, АКШ шаарга масштабдуу сокку уруп, президент Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн кеме менен чыгарып кеткен. Учурда алар Бруклиндеги тергөө абагында кармалып турушат.
Венесуэланын бийлиги кол салуунун максаты мунай жана минералдык ресурстарды көзөмөлгө алуу болгонун билдирүүдө. Венесуэланын коргоо министри Владимир Падрино Лопес айткандай, чабуулдун кесепетинен 83 адам каза болуп, 112ден ашууну жаракат алган.
Нью-Йорк соту Мадуронун иши боюнча биринчи отурум өткөргөн. Ага «наркотеррордук ишмердүүлүккө байланышкан кутум, кокаинди аткезчилик жол менен ташуу, пулемётторду жана жардыруучу түзүлүштөрдү АКШга каршы колдонуу үчүн сактоо» беренелери боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы коркунучу бар. Саясатчы күнөөсүн моюнга алган жок. Кийинки сот отуруму 17-мартка белгиленген.


















