Түштүк Корея жыл соңуна карата Борбор Азия мамлекеттери менен алгачкы саммитин уюштурат. Бул аймак менен дипломатиялык мамилелерди чыңдоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү болот.
Бул тууралуу Yonhap агенттиги Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Хёндун сөзүнө таянып билдирди.
Түштүк Корея менен Борбор Азиянын беш өлкөсү — Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстан — ортосундагы саммит 16–17-сентябрда өтөт. Бул тууралуу ТИМ башчысы даярдык жыйынында маалымдады.
Чо белгилегендей, бул жолугушуу мурдагы президент Мун Чжэ Индин өкмөтү демилгелеген «Жаңы түндүк саясатынын» алкагында Түштүк Кореянын дипломатиялык багыттарын кеңейтүүдө маанилүү кадам болот. Аталган саясат Борбор Азия менен кызматташууну чыңдоого жана Евразияда тынчтык менен гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган.
Министрдин айтымында, саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара кызматташууну бекемдеп гана тим болбостон, жеткирүү чынжырларын диверсификациялоо жана аймактагы корей этностук жамааттарынын маселелерин чечүү багытында иш алып барууга негиз түзөт.


















