Тегеран Ирандын ядролук программасы боюнча пикир келишпестиктер боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн форматын өзгөртүүнү азырынча пландабайт, консультациялар кыйыр форматта улантылат.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи жумалык маалымат жыйынында билдирди.
“Бизде азырынча (АКШ менен ядролук маселелер боюнча – ред.) сүйлөшүүлөрдөгү форматты же ролдорду (сүйлөшүү тобунун мүчөлөрүнүн – ред.) өзгөртүү боюнча пландар жок”, – деди Багаи.
Эске салсак, 6-февралда Омандын борборунда Иран менен АКШнын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өткөн. Бул жолугушуулар 2025-жылдын июнь айында Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөгөндөн берки биринчи жолугушуу болду.
Иран тараптан сүйлөшүүгө катышкан Тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү башталыш деп мүнөздөп, диалогду тынч, коркутуусуз жана кысымсыз улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ал андан аркы иштер борбор калааларда консультациялардан кийин аныкталарын жана учурда АКШ менен башка сүйлөшүүлөр болбогонун белгиледи.
АКШнын делегациясын президент Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеген, ал эми АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Брэд Купер да сүйлөшүүлөргө биринчи жолу катышты.
Tasnim маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, тараптар Ирандын өзөктүк досьеси боюнча талкууларды улантууну макулдашышты.


















