Швейцариянын Давос шаарында Газа боюнча “Тынчтык кеңешине” 18 өлкө кошулгандыгын билдирип, кол койду. Казакстан кеңешке эч кандай каржылык салым кошпостон кошулду. Бул Уставдын жоболоруна толугу менен шайкеш келет.
Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы өлкөнүн “Тынчтык кеңешине” кошулуу үчүн 1 миллиард доллар төлөшү керек болгону тууралуу маалыматтарга комментарий бергенин zakon.kz басылмасы жазды.
“Уставда айтылган 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу салым мүчөлүктүн шарты эмес. Бул ар бир катышуучунун укугу. Эгерде мындай салым биринчи жылдын ичинде салынса, мамлекет кеңештеги мүчөлүгүн белгиленген үч жылдык мөөнөттөн тышкары узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Дональд Трамп Газа боюнча “Тынчтык кеңешин” түзгөнүн жарыялаган. АКШнын президенттик администрациясы 50гө жакын мамлекеттин башчыларына анын ишине катышууга чакыруу жөнөткөн.
Кеңеш Израил менен палестиналык Хамас кыймылынын ортосундагы Газа тилкесин башкаруу боюнча келишимге ылайык түзүлгөн. Бирок ал башка аймактардагы чыр-чатактардын алдын алуу жана чечүү үчүн да иштейт деп күтүлүүдө.
АКШдан тышкары, документке Армения, Азербайжан, Аргентина, Болгария, Венгрия, Индонезия, Иордания, Пакистан, Парагвай, Катар, Сауд Арабиясы, БАЭ, Монголия өлкөлөрү кол коюшту. Андан тышкары Түркия, Өзбекстан менен Казакстан дагы бар.



















