Орусиялык саясат таануучулардын Борбор Азиянын эгемендүүлүгүнө шек келтирген билдирүүлөрүнүн кезектеги сериясы башталды. Бул жолу Кремлдин идеологу аталган саясат таануучу Александр Дугин Борбор Азия эле эмес, Түштүк Кавказ өлкөлөрү да мамлекеттүүлүккө укугу болбошу керектигин жарыялады.
«Армениянын, Грузиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын же Кыргызстандын эгемендүү болушуна макул болбошубуз керек. Жаңы моделде эч кандай эгемендүү мамлекет болушу керек. Болду, эгемендүүлүк бүттү; улуттук мамлекеттер өткөн чактын калдыгы. Бул таштанды. Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү Орусия менен бирдиктүү союздун бир бөлүгү болушу керек. Же алар биздин кошунда болушат, болбосо Батыштын же Кытайдын таяныч пункттарына айланат»,- деген Дугин. Бул билдирүүнү ал 12-январда орусиялык журналист Михаил Кузнецов менен “Инфоцелина” ютуб каналында болгон маегинде айткан.
Журналист Дугинден АКШнын Венесуэлага каршы аскердик операциясы жана АКШнын президенти Дональд Трамптын Даниянын автономдуу аймагы, Европа Биримдигинин мүчөсү жана Вашингтондун НАТО боюнча өнөктөшү Гренландиянын эгемендүүлүгүнө каршы коркутуулары тууралуу комментарий берүүсүн сураган.
“Согуштар кайсы бир учурда эл аралык укук алдыңкы державалардын кызыкчылыктарына кызмат кылбай калганда пайда болот… Трамп бул учур келгенин айтууда. Чындыгында, бул маселе Советтер Союзу кулагандан бери келатат… Трамп азыр дүйнөнү кайра куруп, аны Американын кызыкчылыктарына ылайыкташтырып жатат. Бул, негизинен, дүйнөлүк карта кайра чийиле турган Үчүнчү дүйнөлүк согуш”, – деген Дугин.
«Мындай кырдаалда бизде Орусияны империя деп жарыялоодон жана эч ким сыйлабаган эл аралык укуктардан баш тартуудан башка аргабыз жок», – деп кошумчалаган ал.
Анын айтымында, Орусия Монро доктринасы сыяктуу Евразиялык доктринаны жарыялап, Кытай жана Индия менен биргеликте «Чыгыш жарым шарга үстөмдүк кылууну жарыялашы» керек. Маселе ушундан чыккан.
Талкуулардын күчөшүнө жол ачты
Ошентип эгемендүүлүгүнө шек келген мамлекеттердеги бул билдирүү катуу талкуу жаратты. Бул өлкөлөрдөгү жарандык коомдун айрым мүчөлөрү Орусия тараптан, айрыкча Кремлге жакын адамдардан мындай билдирүүлөр байма-бай чыгып атышын сынга алышып, Москванын “көп полярдуу” жана “диалог жүргүзүү” саясаты акырындык менен жабылып баратканын, аймактын реакциясын акырындык менен текшере баштаганын айтышат.
Дугиндин билдирүүсү жарыяланаары менен казакстандык талдоочулар Дугиндин сөздөрүн империалисттик, суверенитетке жана элдердин эркин тандоосуна доо кетирүү менен караган риторика катары баалашты.
Ал эми азыр Кыргызстанда талкуулар болбогону менен Өзбекстанда журналисттер Дугиндин билдирүүсүнө окшош чакырыктарды талкуулаган теле эфирлерди өткөрүп, басма материалдарды чыгарышууда. Ал эми парламент депутаты Шахноза Холмахматова Дугинге жооп кайтарды.
«Александр Дугин, Өзбекстандын эгемендүүлүгүнө кол салбаңыз. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жөнүндөгү куру сөздөрүңүз сизге гана тиешелүү көйгөй. Бул маселе сиз же сизге окшогондор үчүн талкууланбайт», – деп билдирди өзбек парламентинин мүчөсү.
Холмахматова Өзбекстан эч качан эч кимдин «көзөмөл зонасы» болбой турганын жана эч кимдин макулдугуна муктаж эместигин баса белгиледи. «Биз кызматташууга ачыкпыз, бирок тең укуктуулук жана өз ара урматтоонун негизинде гана. Мен Өзбекстандын жаранымын. Мен аялмын. Мен энемин. Мен элдин өкүлүмүн, элимдин бир бөлүгүмүн өкүлүмүн. Жана мен ачык айтам: эгерде биздин эгемендүүлүгүбүзгө агрессивдүү кол салуулар болсо, бир гана жооп болот – таштарыңарды алыстан тергиле!», – деди депутат.
Александр Дугин ким?
Ал – Путиндин башкы философу катары белгилүү. Ал расмий өкмөттүк иш-чараларда жана маалымат каражаттарында Кремлдин баяндоолорун үзгүлтүксүз айтып, аларга белгилүү бир терең маани берет. Ал социология, саясат таануу жана философия боюнча илимий даражаларга ээ. Анын “Орус цивилизациясынын, орус дүйнөсүнүн мамлекеттик чек аралары жок”,- деп айтканы кеңири белгилүү.
Соловьевдун билдирүүсүнө теригүү
Дугинге чейин, тактап айтканда, ушул жылдын 10-январында “Соловьев Live” программасынын алып баруучу Владимир Соловьев Борбор Азияны “биздики” (Орусияныкы – ред.) деп атап, Орусиянын таасир зоналарында атайын аскердик операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган. Ал ошондой эле Армениянын “колдон чыгышы” Орусия үчүн “чоң көйгөй” деп атаган. Соловьёв Орусиянын айрым коңшу мамлекеттерине жана КМШга кирген өлкөлөрдүн дарегине карата мындай сөздөрдү мурда да айтып келген.
Мындан кийин да коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, Кыргызстандын ЖК дептутаты Дастан Бекешов Соловьёвду “персона нон-грата” деп атоону сунуштаган. Анын артынан КР Прездентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Соловьевдун сөздөрүн этибарга албоого чакырган.
Ал арада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова анын билдирүүсүнө комментарий берип, журналисттин позициясы Москванын расмий позициясын билдирбей турганын жарыялаган. Бирок Дугиндин билдирүүсүнө комментарий бериле элек.
Серепчилердин талдоосу
Соловьевдун сөздөрүнөн кийин Кыргызстандык саясий серепчи Искендер Шаршеев Орусиянын элдин маанайын текшерип турган бир канча ыкмалары менен бөлүшкөн. Анда ал мындай пикирин айткан:
“Мисалы мурда Жириновский Путиндин оюнда эмне болсо, ошону айтып көргөн адам болгон. Ал айткандан кийин социологдор ал айтылган сөз боюнча элдин реакциясын байкап көрүшөт. Биздин, өздөрүнүн, мисалы: Орусиянын майда-майда республикалардагы коомдук реакцияларды карап көрүшөт. Ошол убакта, элдин пикирин билип жыйноочу агенттиктер пайда болгон, азыр социалдык тармактар өнүгүп кеткендиктен, аларга иштөө жеңил болуп калды, алар комментарийлерди окуп турушат. Жириновский өтүп кеткенден кийин азыр Соловьев, Кисилев, Скабеева, Симонян сыяктуулар басып атышат. Ушулар бийликтин оюндагысын айтышат, анан ал элге жакпай калса, расмий бийлик буларды кайра күнөөлөп коюшат. “Бул акмак, өзү жинди киши, көңүл бурбагыла”,-деп коюшат”,- деген Шаршеев.
Даярдаган А. Белеков.


















