Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын март айынын башынан тартып Иран Ислам Республикасы менен эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн визалык режимди жоёт деп жарыялады.
Ирандын IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү бул чечим эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн өз ара макулдашуусунун негизинде кабыл алынганын ММКларга билдирген. Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Расмий өкүлдүн айтымында, эми тажик жана иран паспортторуна ээ болгон эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чек ара өткөрмө пункттары аркылуу эки өлкөнүн аймагына визасыз кире алышат.
«Бул чечим эл аралык жүк ташууларды, сооданы жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы логистиканын рентабелдүүлүгүн жогорулатат», — деп билдиришти Тажикстандын ТИМинде.
Тажикстан менен Ирандын ортосундагы кургактык чек араларында визалык режимди жокко чыгаруу маселеси 2025-жылдын апрель айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ирандын ички иштер министри Эскандар Момени менен жолугушуусунда талкууланган.
Ал кезде ирандык ММКлар Эскандар Моменинин сөзүн келтирип, мындай дегенин жазышкан: «Биринчи этапта эки өлкөнүн жарандары үчүн саякаттоону жеңилдетүү максатында кургактык жол менен жүрүүдө визаларды жокко чыгаруу чечими кабыл алынды».
Буга чейин, 2025-жылы, Тажикстан менен Иран эки өлкөнүн бардык шаарларына авиакаттамдар үчүн визалык режимди толугу менен жойгон.
Ошого жараша, эки өлкөнүн жарандары бири-бирине аба жолу аркылуу 90 күндүк мөөнөт ичинде 30 күнгө чейин эч кандай чектөөлөрсүз бара алышат.


















