Акыркы күндөрү Иран Ислам Республикасында болуп жаткан окуялар дүйнө жүзүнө, анын ичинде кошуна Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы менен саясатына кандай таасир этет?
1. Географиялык туюк абал: дүйнөлүк океанга чыгуунун толук жабылышы
Афганистан–Пакистан чек арасынын узак убакыттан бери жабык турушунун фонунда Ирандын туруксузданышы региондун логистикалык обочолонушунда «акыркы мык» болуп калат. Борбор Азиянын Түштүк Азиянын, Перс булуңунун жана Чыгыш Африканын базарларына чыгуусу Пакистан же Иран аркылуу гана мүмкүн. Эгер бул эки транзит тең шал болуп калса, регион өлкөлөрү географиялык тузакка түшөт. Бул экспортту диверсификациялоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
2. «Домино эффекти»: Афганистан — регионалдык кризистин детанатору
Бүгүнкү күндө Иран Кабулдун экономикалык жашап кетишинин негизги кепили болуп саналат (2024-жылы экспорт 84% өскөн). Афганистан ирандык күйүүчү майга, азык-түлүккө жана электр энергиясына өтө көз каранды. Тегерандагы кандай гана туруксуздук болбосун, ал дароо Афганистанда гуманитардык жана экономикалык коллапска алып келет.
Афганистан менен түздөн-түз чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул көзөмөлсүз качкындардын агымын, радикалдашуунун күчөшүн жана чек ара коопсуздугуна коркунучту билдирет. Бул абал ири ресурстарды талап кылып, экономикалык реформаларды экинчи планга жылдырат.
3. Регионалдык институттардын шал болушу жана позициялоо кризиси
Ирандын айланасындагы кырдаал ШКУнун, СВМДАнын, ошондой эле Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнүн позициясын эске алганда Түрк мамлекеттер уюмунун да коопсуздуктун кепили катары натыйжасыздыгын ачып көрсөттү. АКШ менен Израилдин соккуларынын фонунда ШКУнун өз мүчөсүнө жардам бере албагандыгы уюмду «талкуу клубуна» айлантат.
Айрым регионалдык лидерлердин аргасыз тактикасы — Иранга жасалган соккуларды айыптоо менен катар АКШнын «тынчтык орнотуучу ролун» ачык таануу — бирдиктүү субъекттүүлүктүн жоктугун көрсөтөт. Бул «эрктин шал болушу» көп векторлуулук тууралуу нарративди илгерилетүүнү татаалдатып, тышкы оюнчуларга регионду өз алдынча полюс эмес, таасир этүү объектиси катары кабылдоого шарт түзөт.
4. Россия жана Кытай менен мамилелердеги басым рычагдарынын жоголушу
Көп векторлуулук альтернативалардын бар экенине негизделген. Түштүк багыт түндүк (Россия Федерациясы) жана чыгыш (Кытай Эл Республикасы) багыттарына болгон бир тараптуу көз карандылыкты азайтуунун жолу катары каралган. Мындан тышкары, Иран жана Пакистан портторуна жетүү Борбор Азияны Россия үчүн зарыл коридорго айландырып, регион өлкөлөрүнүн Москвага болгон таасирин күчөтмөк.
Ирандын туруксузданышы жана Афганистан–Пакистан чек арасындагы кырдаал регионду бул «козырынан» ажыратат.
5. Борбор Азиянын Пекин үчүн «акыркы чекке» айланышы
Ирандын акыркы күндөрү болуп жаткан окуялар АКШ Кытайга Малакка кысыгын айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду ырааттуу түрдө жаап жаткан «евразиялык трагедиянын» калыптанышын аяктайт.
Армениядагы TRIPP долбооруна америкалык көзөмөлдүн орнотулушу, Пакистандагы туруксуздук жана Польша менен Беларусиянын ортосундагы чек аралардын жабылышы шартында Борбор Азия Пекин үчүн экспорт жана чийки зат импорту боюнча жалгыз туруктуу коридор болуп калууда.
Иран ишенимдүү өнөктөш болбой калган шартта, Кытай Борбор Азияны өзүнүн өзгөчө таасир зонасына айландырууну тездетүүгө аргасыз болот.
Регион өлкөлөрү үчүн бул көп векторлуулукка олуттуу коркунуч жаратат: Кытай үчүн Борбор Азия жашап кетүү маселесине айланган учурда, геосаясий маневр жасоого мүмкүнчүлүк дээрлик калбайт.




















