Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Израиль АКШнын Иранга кийлигишүү ыктымалдыгына байланыштуу даярдыгын күчөттү

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Күндеми
  • 12.01.2026 12:01

Loading

Израиль АКШнын Иранга аскердик кийлигишүүсү мүмкүн деген кабарлардан улам даярдыгын эң жогорку деңгээлге көтөргөнүн Израилдеги үч маалымдар булак билдирди.

Бул чечим АКШнын Ирандагы окуяларга аскердик жол менен кийлигишүү ыктымалдыгына байланыштуу кабыл алынган. Дем алыш күндөрү өткөн коопсуздук жыйындарына катышкан бул булактар Reuters агенттигине чечимдин практикалык жагдайлары, анын ичинде талаадагы (аскердик) кесепеттери тууралуу так маалымат берилбегенин билдиришкен.

Ишемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын Иран маселесине кийлигишүү ыктымалдыгын талкуулашкан. Бул маалыматты израилдик бир булак ырастаган. АКШнын расмий өкүлү да телефондук сүйлөшүүсү болгонун тастыктаган, бирок анын мазмуну тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Тема боюнча

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026

Ошол эле маалда, Израиль Иранга түздөн-түз кийлигишүүгө даяр экенин көрсөткөн расмий белгилерди азырынча ачык билдире элек. Бул Иранда ички нааразылык акциялары күчөп турган шартта болуп жатканына карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу жогору бойдон калууда. Бул чыңалуунун негизги себептери — Израилдин Ирандын ядролук жана ракеталык программаларына байланыштуу көптөн берки тынчсыздануулары.

Нетаньяху жума күнү жарыяланган The Economist журналына берген маегинде эгер Иран Израилге кол салса, Тегеран «өтө оор кесепеттерге» дуушар болорун эскерткен. Ал Ирандагы ички нааразылыктарга токтолуп: «Башка маселелер боюнча, Ирандын ичинде эмне болорун көрүү керек», — деген.

Бул окуялар Ирандын парламентинде жабык жыйын өткөргөн учурга туш келди. Жыйын өлкөдөгү уланып жаткан нааразылык акцияларын талкуулоого арналган. Жыйын учурунда депутаттар «Америкага өлүм!» деген ураандарды чакырып, өкмөткө колдоо көрсөткөн ураандарды айтышкан.

Парламент төрагасы Мохаммад-Бакер Галибаф туруктуу коопсуздук — экономикалык туруктуулуктун негизги шарты экенин билдирип, Иранга каршы согуш уюштурууну көздөгөн күчтөр элдин жашоо-тиричилигин бутага алып жатканын айткан. Ошол эле учурда ал өкмөт нааразылык билдирүү жана сын айтуу укугун тааный турганын, бирок “террордук” элементтерге каршы катуу чара көрүлөрүн баса белгилеген. Галибаф жакынкы күндөрү коопсуздук толук калыбына келерин убада кылды.

Ошол эле маалда Ирандын ички иштер министрлигине караштуу полициянын башкы командачысы Ахмадреза Раддан нааразылык акцияларынын негизги уюштуруучуларынын көпчүлүгү камакка алынганын билдирди. Ал мамлекеттик телеканалга берген маегинде бул адамдар мыйзамдык жол-жоболор аяктагандан кийин сот жообуна тартыларын айткан, бирок так сандарды же ысымдарды атаган эмес.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) ишемби күнү коопсуздукту сактоо «кызыл сызык» экенин жарыяласа, армия коомдук мүлктү коргоого милдеттенгенин билдирген.

Бул позициялар АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Иран жетекчилигине жаңы эскертүү жасагандан кийин айтылды. Ал эми Марко Рубио ишемби күнү АКШ «эр жүрөк иран элин колдой турганын» билдирген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Энергетик суусундуктарына чектөө: Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда эмне өзгөрөт жана дүйнө өлкөлөрү кандай чара көрүүдө?

Энергетик суусундуктарына чектөө: Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда эмне өзгөрөт жана дүйнө өлкөлөрү кандай чара көрүүдө?

26.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүнү тапшырды

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүнү тапшырды

26.11.2026
«Трамптын маршруту»: эгемендиктен ажыроонун анатомиясыбы?

«Трамптын маршруту»: эгемендиктен ажыроонун анатомиясыбы?

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Эксперттер: жасалма интеллект колдонулган куралдарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик адамдардын өздөрүнүн мойнунда

Эксперттер: жасалма интеллект колдонулган куралдарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик адамдардын өздөрүнүн мойнунда

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.