Венесуэланын борбору Каракас шаарынын үстүнөн авиация учуп өткөнү тууралуу кабарлардан кийин шаарда бир катар жардыруулар болду. Өлкө бийлиги бул окуяны АКШ тарабынан жасалган аскердик агрессия деп атап, өзгөчө абал режимин киргизди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Жардыруулардын чоо-жайы
- Каракаста кеминде жети жардыруу катталды. Бул окуя шаар үстүнөн бир нече учак учуп өткөндөн кийин болду.
- Колумбиянын президенти Густаво Петронун айтымында, Венесуэланын борборуна ракеталык сокку урулган.
- Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, жардыруулардын кесепетинен шаардын түштүк бөлүгү электр энергиясыз калды. Ал аймакта ири аскердик база жайгашкан. Байланыш мунаралары да жабыркаган.
- The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, күбөлөр жардыруулардын үнүн жана көтөрүлгөн түтүндү Ла-Карлота авиабазасынын жана Фуэрте-Тиуна аскердик базасынын аймагынан угуп-көрүшкөн.
- Каракастын тургундары шаардын бир нече райондорунда жана жакынкы калктуу пункттарда ок атылган үндөр угулганын билдиришкен.
- Жардыруулар Уго Чавестин мавзолейи жайгашкан комплекстин аймагында да болгон.
- Мындан тышкары, негизги эки аэропортто да жардыруулар катталган.
- Густаво Петро АКШ Улуттук ассамблеянын имаратына сокку урганын билдирди.
- Кийинчерээк The New York Times жардыруулар токтогонун, бирок АКШнын аскердик учактары абада калууда деп жазды.
- Соккулардын натыйжасында аскер кызматкерлери жана жарандык адамдар каза болду.
- Чабуулдар жарым сааттай созулган.
Венесуэла бийлигинин реакциясы
- Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Хиль Пинто республика АКШ тарабынан аскердик агрессияга кабылганын билдирди.
- Президент Николас Мадуро өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
- Тышкы иштер министринин айтымында, АКШ жарандык жана аскердик объекттерге сокку урган.
- Венесуэланын куралдуу күчтөрү өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоо үчүн жайгаштырылды.
- АКШ Венесуэланын стратегиялык ресурстарын басып алуу максатын көздөп жатат деп билдирди ТИМ башчысы.
- Ал белгилегендей, Венесуэла өз элин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн мыйзамдуу өзүн-өзү коргоо укугун өзүнө калтырат.
- Өкмөт АКШнын агрессиясына байланыштуу БУУга жана башка эл аралык уюмдарга кайрылат.
- Каракастагы Мирафлорес президенттик сарайынын айланасы аскерлердин көзөмөлүндө.
- ТИМ АКШнын «колониялык согуш» жана «бийлик алмаштыруу» аракеттери мурдагыдай эле ийгиликсиз болорун билдирди.
- Бийлик курман болгондор тууралуу маалыматтарды тактап жатат.
- Вице-президент Делси Родригес коопсуз жерде экени айтылды.
- Бийлик президент Мадуронун кайда экенин билбей турганын билдирип, АКШдан анын тирүү экенин далилдөөнү талап кылды.
- Коргоо министри жана парламенттин төрагасы коопсуз жерде экени маалымдалды.
- Венесуэла АКШнын агрессиясына байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шашылыш жыйынын талап кылды.
- Делси Родригес жарандарды өлкөнүн суверенитетин жана жаратылыш ресурстарын коргоого чакырды.
- Башкы прокурор Тарек Вильям Сааб эл аралык коомчулукту президент Мадуронун «уурдалышын» жана АКШнын жарандар арасында курмандыктарга алып келген соккуларын айыптоого чакырды.
АКШнын реакциясы
- АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэлага масштабдуу жана ийгиликтүү сокку урулганын билдирди.
- Анын айтымында, операция кылдат пландалып, көп сандагы аскерлер тартылган.
- Трамп Николас Мадуро жубайы менен кошо кармалып, өлкөдөн чыгарылганын айтты.
- CBS News маалыматына ылайык, Мадурону АКШнын элиталык «Дельта» бөлүгүнүн аскерлери кармашкан.
- Трамп Венесуэладагы операция боюнча Флорида штатында басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдирди.
- АКШ Сенатынын куралдуу күчтөр боюнча комитети операция тууралуу алдын ала кабардар болгон эмес.
- АКШ элчилиги америкалыктарды Венесуэлага барбоого чакырды.
- АКШнын федералдык авиация башкармалыгы америкалык жарандык учактарга Венесуэла аймагынан учууга тыюу салды.
- АКШ операция учурунда жоготууга учураган жок.
- АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди Мадуро жана анын жубайы Нью-Йоркто сот жообуна тартыларын айтты.


















