Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларды өткөрүүдө

  • Дүйнө
  • 29.12.2025 16:18

Loading

Машыгууларга эсминецтер, фрегаттар, истребителдер, бомбалоочу учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылган.

Кытай Тайвандын айланасында ири масштабдагы аскердик машыгууларды баштап, көз карандысыздыкка жетишүүгө багытталган ар кандай аракеттерге каршы «олуттуу эскертүү» жасады.

Кытай Эл-азаттык армиясынын (КЭАА) Чыгыш аскердик округунун өкүлү, полковник Ши И билдиргендей, «Адилет миссиясы – 2025» аттуу машыгуулар Тайвань кысыгынын түндүк, түштүк-батыш, түштүк-чыгыш жана чыгыш бөлүктөрүндө өтүүдө.

Тема боюнча

КЭДР АКШга аскердик машыгууларга карата  жооп кайтарарын эскертти

КЭДР АКШга аскердик машыгууларга карата  жооп кайтарарын эскертти

08.09.2026

Полковник Шинин айтымында, маневрлерге кургактагы аскерлердин, Аскер-аба күчтөрүнүн, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жана ракета аскерлеринин бөлүктөрү тартылган. Негизги басым абада жана деңизде күжүрмөн даярдыкты камсыз кылган патрулдоого, биргелешип толук үстөмдүккө жетүүгө, негизги портторду жана аймактарды бөгөттөөгө, ошондой эле арал чынжырынан тышкаркы мүмкүн болуучу кийлигишүүнү ар тараптуу кармоого жасалууда.

Машыгууларга эсминецтер, фрегаттар, истребителдер, бомбалоочу учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар катышууда. Узак аралыкка ракеталык атуу жүргүзүлүп, жер үстүндөгү буталарга шарттуу соккулар, ал эми деңиздеги буталарга чыныгы ок-дарылар менен соккулар урулууда.

Полковник Ши бул машыгуулар Тайвандын көз карандысыздыгын колдогон сепаратисттик күчтөр үчүн катуу эскертүү жана күчтүү кармоо фактору болорун баса белгиледи. Ал муну Кытайдын суверенитетин жана улуттук биримдигин коргоо үчүн мыйзамдуу жана зарыл чара деп мүнөздөдү.

Ошол эле учурда Фуцзянь провинциясынын жээк күзөт кызматы Тайвань аралынын айланасында укук тартибин камсыз кылуу боюнча комплекстүү патрулдоону баштаганын жарыялады.

Тайвань шашылыш чара көрүү боюнча машыгууларды баштаганын билдирди

Тайвандын Коргоо министрлиги  X социалдык тармагындагы баракчасында аралдын айланасындагы аскердик активдүүлүккө байланыштуу шашылыш чара көрүү боюнча машыгуулар башталганын маалымдады.

«Кытайдын ойлонулбаган провокацияларын чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Кытай армиясынын аракеттери аймактык тынчтыкка жана туруктуулукка олуттуу зыян келтирет. Биздин куралдуу күчтөр толук күжүрмөн даярдыкта жана тайвань элин коргоого даяр», — деп айтылат билдирүүдө.

КЭААнын машыгуулары 17-декабрда АКШ Тайванга жалпы суммасы болжол менен 11 миллиард долларды түзгөн курал-жарак сатууну жактыргандан көп өтпөй башталды. АКШ Конгресси бекиткенден кийин күчүнө кире турган бул келишим Тайвань тарыхындагы эң ири курал жеткирүү болот.

КЭАА Тайвандын айланасында ушуга окшош машыгууларды 2022-жылы — АКШ Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин аралга сапарынан кийин, 2023-жылы — Тайвандын ошол кездеги лидери Цай Инвэндин АКШга сапарларынан кийин, ошондой эле 2024-жылдын май жана октябрь айларында — Тайвандын жаңы лидери Лай Циндэнү инаугурациясынан жана анын Улуттук күндөгү биринчи сөзүнөн кийин өткөргөн. Ал машыгуулар «Бириккен кылыч» деп аталган.

Быйылкы жылы КЭАА 1–2-апрель күндөрү аралды курчоого алуу боюнча «Деңиз бороону – 2025/A» аттуу ири машыгууларды да өткөргөн.

Кытай–Тайвань жаңжалы

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кытайда Чан Кайшинин жетекчилигиндеги Гоминьдан күчтөрү менен Мао Цзэдун баштаган Кытай Коммунисттик партиясынын ортосунда жарандык согуш тутанган. Жеңишке жеткен коммунисттер 1949-жылдын 1-октябрында Кытай Эл Республикасын түзгөнүн жарыялашкан.

Жарандык согушта жеңилген Гоминьдан өкүлдөрү Тайванга көчүп барып, 1912-жылы негизделген «Кытай Республикасынын» бийлигин аралда улантарын билдирип, убактылуу өкмөт түзүшкөн.

Кытай Эл Республикасы Тайванды өз аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. 1949-жылдан бери Тайвань иш жүзүндө өз алдынча башкарылып келет. Материктик Кытай менен Тайвандын ортосундагы бөлүнүү ушул күнгө чейин сакталууда.

Акыркы жылдары Пекин Тайванга аскердик басымды ырааттуу түрдө күчөтүп, аралды материк менен кайра бириктирүү үчүн күч колдонуу ыктымалдыгын четке какпай турганын бир нече ирет билдирип келет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: аскердик машыгууБорбор Азия-КытайТайвань
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иранда ыктыярчы-аялдар аскердик машыгуудан өтүштү. Сүрөт

Иранда ыктыярчы-аялдар аскердик машыгуудан өтүштү. Сүрөт

02.10.2026
КЭДР АКШга аскердик машыгууларга карата  жооп кайтарарын эскертти

КЭДР АКШга аскердик машыгууларга карата  жооп кайтарарын эскертти

08.09.2026
ЖККУда машыгуулардын коркунучу жок экени айтылды

ЖККУда машыгуулардын коркунучу жок экени айтылды

03.09.2026
Россия ядролук күчтөрдү даярдоо жана колдонуу боюнча машыгууларды баштады

Россия ядролук күчтөрдү даярдоо жана колдонуу боюнча машыгууларды баштады

19.05.2026
КЭДР куралдуу күчтөрүнүн согуштук даярдыгын жогорулатат

КЭДР куралдуу күчтөрүнүн согуштук даярдыгын жогорулатат

10.03.2026
Иран, Россия жана Кытай Ормуз кысыгында биргелешкен машыгуулар үчүн кемелерин жөнөтүүдө

Иран, Россия жана Кытай Ормуз кысыгында биргелешкен машыгуулар үчүн кемелерин жөнөтүүдө

19.02.2026
Перс булуңундагы үч тараптуу машыгуулар: АКШнын аскерлерине стратегиялык жооп

Перс булуңундагы үч тараптуу машыгуулар: АКШнын аскерлерине стратегиялык жооп

30.01.2026
Кытай АКШнын Тайванга 11 млрд долларлык курал сатышына жооп берерин убада кылды

Кытай АКШнын Тайванга 11 млрд долларлык курал сатышына жооп берерин убада кылды

19.12.2025
АКШ Тайванга 11 миллиард доллардан ашык суммадагы курал-жарак сатат

АКШ Тайванга 11 миллиард доллардан ашык суммадагы курал-жарак сатат

18.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.