Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу 27-декабрдын кечинде россиялык лидердин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун чоо-жайы, ошондой эле Назарбаевдин Кремлге сапарынын максаты айтылган жок. Акыркы жолу Путин Назарбаевди ушул жылдын май айында кабыл алган. Анда Казакстандын мурдагы президентинин басма сөз катчысы Айдос Укибай жолугушуу жеке мүнөздө болгонун билдирген. Ал эки президентти «мамлекеттик ыйгарым укуктардын бар же жоктугуна карабастан сакталып келе жаткан достук мамилелер» байланыштырып турарын кошумчалаган.
Владимир Путин Казакстандын мурдагы президенти менен үзгүлтүксүз жолугуп турат. Мындай акыркы жолугушуу 2024-жылдын декабрь айында Ново-Огарёводо өткөн. Анын мазмуну тууралуу да маалымат берилген эмес.
Ага чейин Россиянын президенти Назарбаев менен 2023-жылдын декабрында Казакстандын мурдагы лидери Москвага келген учурда жолуккан. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолугушуу «толук бойдон жеке мүнөздө» болгонун белгилеген.
Ошондой эле Назарбаев Путин менен 2022-жылдын июнь айында Москвада жолуккан. Алар эки өлкө ортосундагы мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттуктап, бекем ден соолук каалашкан жана мындан ары да калыптанган достук байланыштар уланарына ишеним билдиришкенин Назарбаевдин басма сөз кызматы маалымдаган. Кремль бул жолугушуу тууралуу билдирген эмес.
2021-жылдын декабрында Назарбаев Санкт-Петербургда өткөн КМШнын бейформал саммитинин алдында Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. «Казакстандын атынан бардык маселелерди чечүү үчүн биздин президент Касым-Жомарт Токаев келет. Бирок мен ардактуу [төрага] катары, эң тажрыйбалуу адам катары, тарыхтын күбөсү катары бул процесске катышам. [Бейформал саммит] КМШ азыр өтүп жатабы? Ооба? КМШны түзгөндөрдүн ичинен 1991-жылдын декабрында Алма-Атада болгон окуяларды эстегендердин ичинен мен гана калдым», — деп ошол кезде Кремлдин басма сөз кызматы Назарбаевдин сөзүн келтирген.


















