Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-декабрда Олий Мажлиске (парламентке) жана элге кайрылуусунда өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) жыл жыйынтыгы боюнча тарыхта биринчи жолу $145 млрд.дан ашканын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов маалымдады.
«Тогуз жыл мурун экономикабыздын көлөмүн $100 млрд.га жеткирүү биз үчүн абдан чоң максат болуп көрүнгөн. Быйыл болсо тарыхыбызда биринчи жолу ички дүң продукция $145 млрд.дан ашты. Мындай жогорку көрсөткүчтөр элибиз менен бирге кандай зор иштерди аткара аларыбызды айкын далилдейт», — деп белгиледи Мирзиёев.
Ал «Өзбекстан – 2030» стратегиясында ИДПны 2030-жылга чейин $160 млрдга жеткирүү максаты коюлганын эске салды. Бирок реформалардын азыркы ыргагы жана бизнестин активдүүлүгү бул мөөнөттөрдү кайра карап чыгууга мүмкүндүк берип жатканын айтты.
«Биз бул максатка 2026-жылы эле жетише алабыз», — деди президент.
Анын айтымында, 2026-жылы Өзбекстандын экономикасы 6,6% өсүп, ИДП $167 млрдга жетет деп күтүлүүдө. Бул пландарды ишке ашыруу үчүн өнөр жай тармагында «Өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту эки эсеге көбөйтүү» программасы ишке киргизилет. Негизги көңүл өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүүгө жана энергияны үнөмдөөгө бурулат. Экономика жана финансы министрлиги эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана энергия эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган өзүнчө долбоорду ишке ашырат. Бул максатта эл аралык каржы институттарынан $200 млн өлчөмүндө кредиттер жана гранттар тартылат.
Долбоордун алкагында чет өлкөлүк технологдор менен инженерлер тартылып, бизнес-процесстер санариптештирилет жана энергиялык аудиттер жүргүзүлөт. Ошондой эле алдыңкы технологиялар трансфери ишке ашырылып, «Төртүнчү өнөр жай революциясынын борбору» түзүлөт. Анын базасында робототехника, «нерселердин интернети» (IoT) жана «акылдуу фабрикалар» сыяктуу «Индустрия 4.0» чечимдерин киргизүү үчүн жөнгө салуу механизмдери иштелип чыгат.
Ишканалар жаңы технологияларды толук масштабда өндүрүшкө киргизүүдөн мурда ушул борбордун базасында сыноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кадрларды даярдоо шартында экономика жакынкы беш жылда $240 млрдга чейин өсүшү мүмкүн”,- деп билдирди Мирзиёев.
Президент дүйнөлүк соода эрежелеринин өзгөрүшүнүн фонунда быйыл Өзбекстандын экспорту 23%га өсүп, $33,4 млрд.га жеткенин айтты. Өлкөнүн алтын-валюта резервдери да рекорддук деңгээлге чыгып, биринчи жолу $60 млрд.дан ашты.
Тартылган чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү $43,1 млрд.ды түзүп, алардын ИДПдагы үлүшү 31,9%га жетти. Бул каражаттар жакынкы жылдары өлкөнүн туруктуу жана ылдам экономикалык өсүшү үчүн бекем негиз түзөт, деп белгиледи Мирзиёев.
Эл аралык рейтинг агенттиктери Өзбекстандын суверендүү рейтингин «BB-» деңгээлинен «BB» деңгээлине жогорулатты.
«Ушул өзгөрүүнүн өзү эле чет өлкөдөн тартылган ресурстар боюнча пайыздык чендерди 1–1,5 пунктка төмөндөтүп, тышкы карызды тейлөө чыгымдарын жылына $250–300 млн.го кыскартат», — деп түшүндүрдү президент.
Ошондой эле Өзбекстан Дүйнөлүк банктын технологиялык жетилгендик индексинде 71 орунга жогорулап, алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргенин кошумчалады.



















