АКШнын Мамлекеттик департаменти Евробиримдиктин Санариптик кызматтар жөнүндө директивасын (DSA) иштеп чыгууга катышкан беш европалыкка виза берүүдөн баш тартты. Алардын арасында ЕБнин ички рынок боюнча мурдагы комиссары Тьерри Бретон да бар. Бул тууралуу DWге шилтеме берип Kazinform агенттиги билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө бул адамдар «өз кызматтык абалын пайдаланып, америкалык ишмерлерге жана америкалык компанияларга каршы багытталган репрессивдүү цензуралык чараларды илгерилеткен радикал активисттер» деп аталды.
— АКШнын президенти Дональд Трамп «Америка биринчи» принцибине негизделген тышкы саясаты америкалык суверенитеттин бузулушуна каршы турарын ачык айткан. Чет өлкөлүк цензорлордун ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу да мындан тыш калбайт, — деп баса белгиледи АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө мурдагы еврокомиссар Тьерри Бретон «DSAнын архитектору» катары да мүнөздөлгөн. Бул мыйзам ЕБ аймагында иш алып барган бардык интернет-платформалар менен социалдык тармактарды колдонуучуларды мыйзамсыз контенттен, товарлардан жана кызматтардан, ошондой эле дезинформация жана жек көрүү тилинен коргоого милдеттендирет.
Америкалык республикачылар DSAнын жоболору жана социалдык тармактарды модерациялоого коюлган талаптар консерваторлорго каршы багытталган цензуралык чаралар деп эсептешет. Брюссель болсо бул айыптоолорду четке кагууда.
— Биздин америкалык достор үчүн: цензура сиздер ойлогон жерде эмес, — деп жазды Бретон АКШга кирүүгө тыюу салынганы тууралуу кабардан кийин X социалдык тармагында.
Тьерри Бретон 2024-жылдын күзүндө Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен пикир келишпестиктерден улам ички рынок боюнча еврокомиссар кызматынан кеткен. Буга чейин ал X социалдык тармагынын ээси Илон Маск менен платформа Европанын колдонуучулардын укуктарын жана жеке маалыматтарын коргоо боюнча мыйзамдарын аткаруудан баш тартканы үчүн ачык конфликтке да барган.
Мурда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы ЕБнин санариптик мыйзамдарын бир нече жолу сынга алган. Ак үйдүн башчысы, анын пикири боюнча, америкалык компанияларга «зыян келтирген» мыйзамдары бар өлкөлөрдөн импортко жаңы тарифтерди киргизүү менен коркуткан. Бул коркутууларга карабастан, ЕБ өз эрежелеринин аткарылышын талап кыла берерин белгилөөдө.
Эске салсак, декабрдын башында X социалдык тармагына Санариптик кызматтар жөнүндө мыйзамдын негизинде Еврокомиссия тарабынан көп миллиондук айып салынган.


















