АКШ армиясы Сирия аймагында террордук ИШИМ тобунун позицияларына каршы кеңири масштабдагы аскердик операцияларды жүргүзгөнүн билдирди.
New York Times басылмасы америкалык булактарга жана расмий өкүлдөргө таянып маалымдагандай, бүгүн таң эрте АКШ Сириянын борбордук аймактарында, анын ичинде Ракка, Хомс жана Дейр-эз-Зор шаарларында ИШИМге таандык ондогон объекттерге аба соккуларын баштаган.
АКШ расмий өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, чабуулдардын жүрүшүндө ИШИМдин арсеналдары, таяныч имараттары жана логистикалык борборлору жок кылынган. Бул объекттер террорчулардын операцияларын уюштурууда негизги ролду ойногон. Соккулардын максаты — топтун операциялык инфраструктурасын алсыратуу жана анын өлкө аймагында кайра калыбына келишине жол бербөө.
АКШнын расмий өкүлдөрү операциялар кеңири аймакты камтып, бир нече саатка созулушу мүмкүн экенин белгилешти. АКШ президенти Дональд Трамп соккуларды тастыктап, Сириядагы ИШИМ базаларына «абдан олуттуу зыян» келтирилгенин билдирди.
Анын айтымында, АКШнын бул аракеттери террорчулар тарабынан америкалык аскер кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнө жооп иретинде жасалган жана Сирия өкмөтүнүн толук колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
CNNдин маалыматы боюнча, АКШ күчтөрү өнөктөш аскерлер менен биргеликте Пальмирага жасалган чабуулдан бери 10 операция өткөрүп, алардын натыйжасында 23кө жакын адам өлтүрүлгөн же кармалган.
Акыркы айларда АКШ жетектеген коалиция Сирияда «Ислам мамлекети» менен байланышы бар деп шектелгендерге каршы аба соккуларын жана жердеги операцияларды жүргүзүп келген. Бул аракеттерге көп учурда Сириянын коопсуздук күчтөрү да катышкан. Өткөн айда Сирия жалпы улуттук кампаниянын алкагында ИШИМ менен байланышы бар деп айыпталган 70тен ашуун адамды камакка алган.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы өткөн аптада Сирияда болгон буктурмада эки америкалык аскер кызматкери жана бир жарандык киши каза болуп, дагы үч жоокер жаракат алганын билдирген.
Кол салган адам кагылышуу маалында жок кылынган. Бул окуялардан кийин АКШ армиясы Сириядагы ИШИМ позицияларына каршы бир катар кошумча чабуулдарды ишке ашырган.















