АКШнын президенти Дональд Трамп Украина аймагын жоготуп, кризис туу чокусуна жакындап калгандыгын Ак үйдө журналисттерге билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтуусуна караганда, украиналыктар аймактарын жоготушкан, бирок жаңжалдын чечилиши жакын жана жөнгө салууда олуттуу ийгиликтерге жетишилген.
“Менимче, биз азыр мурдагыдан да Украинадагы жаңжалды токтотууга жакындап калдык”, – деди Дональд Трамп.
Америкалык лидер Москва кырдаалды чечүүгө умтулганын, ошондой эле эки тараптын тең бул жаңжалды токтоткусу келгендигин баса белгилеген.
“Ошондуктан, биз аларды бир пикирге келүүгө мажбурлашыбыз керек”, – деп кошумчалаган ал.
Трамп жакында эле Россиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан, бирок качан сүйлөшкөнүн тактаган эмес. Ошол эле маалда Германиядагы тынчтык процесси боюнча акыркы жолугушууларды “абдан жакшы” деп атады.
Эскерте кетсек, жекшемби күнү АКШ жана Украинанын делегациялары Берлинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар 20 пункттан турган планды, экономикалык маселелерди жана башка темаларды талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынан кийин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф олуттуу прогрессти жарыялады.
Кошумчалай кетсек, декабрдын башында Владимир Путин Кремлде Уиткоффту жана Жаред Кушнерди кабыл алган. Анда тараптар Американын тынчтык демилгеси боюнча маселени беш саатка чукул талкуулашкан.
Ал эми Россиянын лидери кийинчерээк билдиргендей, Вашингтон баштапкы пландын 27 пунктун төрт пакетке бөлүп, аларды өзүнчө талкуулоону сунуштаган. Ал алардын дээрлик ар бирин карап чыкканын жана Москва макул болбогон маселелер бар экенин тактаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн жуманын дүйшөмбү күнү Улуу Британияга барган. Ал жерде Американын сунушун европалык лидерлер менен талкуулаган.
Украинанын маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, жолугушуудан кийин ал кайрадан аймактык маселе боюнча кандайдыр бир жеңилдиктерге баруудан баш тарткан. Трамп 12-декабрда Киев режиминин башчысы тынчтык планын колдобой турганына ишенерин билдирген.



















