Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

В. Путин: «Баарынын аягы бар. Бир гана Кудай түбөлүктүү»

  • Интервью
  • 05.12.2025 15:41

Loading

Россиянын президенти Владимир Путин индиялык Aaj Tak жана India Today телеканалдарынын алып баруучуларынын суроолоруна жооп берди. Интервью Россия президентинин Индияга мамлекеттик сапарына карата алдын ала уюштурулду. Мамлекет башчысы Индияга мунай жана аскердик продукция экспорттоо келечеги жөнүндө айтып, эмне үчүн Россия G8ге кайтууга умтулбай турганын түшүндүрдү, ошондой эле атайын аскердик операция — Батыш баштаган согушту токтотууга жасалган аракет экенин билдирди.

Индия менен мамилелер жөнүндө

Путин Индия менен эки тараптуу кызматташуу көптөгөн тармактарда өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал дүйнөдөгү өзгөрүүлөр тездик менен жүрүп жатканын, жаңы күч борборлору пайда болуп, дүйнөдөгү күч тең салмактуулугу өзгөрүп жатканын айтты.

Тема боюнча

Ирандын президенти Москвада Путин менен пландалган жолугушуу тууралуу айтып берди

Ирандын президенти Москвада Путин менен пландалган жолугушуу тууралуу айтып берди

20.10.2026

«Мындай шартта ири өлкөлөрдүн ортосундагы туруктуулук өтө маанилүү. Бул эки тараптуу да, дүйнөлүк масштабда да алдыга жылууга негиз түзөт», — деди ал.

Президент ошондой эле космостук изилдөөлөр, энергия жана жогорку технологиялар жаатындагы кызматташтыкты эске салды.

«Бизде келечекке багытталган өтө кызыктуу багыттар көп. Мисалы, жасалма интеллект — дүйнөнү көз алдыбызда өзгөртүп жаткан технология», — деди Путин.

АКШ менен Украина боюнча сүйлөшүүлөр

Путиндин айтуусунда, АКШ делегациясы алып келген план Трамп менен Аляскадагы жолугушууга чейин болгон макулдашууларга негизделген.

АКШ сунуштаган документтерди толук көрө элек болгондуктан, ар бир пунктун өзүнчө талкуулоого туура келгенин айтты.

Ал Трамп чын дилден тараптарды консенсуска жеткирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

Белгилүү пункттар боюнча макул боло алары жөнүндө азыр айтууну Путин «эрте» деп атады, анткени бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө терс таасир этиши мүмкүн.

Украина боюнча

Путин Россиянын Украинадагы аракеттери өз кызыкчылыктарын жана ал жакта жашаган адамдарды коргоого багытталганын айтты.

Ал орус тилине, салттуу баалуулуктарга жана православдык динге басым жасалып жатканын, Украинадагы Орус православ чиркөөсү дээрлик тыюу астында турганын белгиледи.

Путин Батыш 2014-жылдагы төңкөрүштү уюштурууга көмөк көрсөткөнүн, андан кийин Крымда жана Донбасста окуялар башталганын эске салды.

Минск келишимдерин Батыш эч качан аткарууну көздөбөгөнүн айтты.

«Биздин атайын аскердик операция — бул согушту баштоо эмес, аны токтотууга болгон аракет. Батыш украин улутчулдарынын колу менен бизге каршы согуш баштады», — деди Путин.

Россия операция өз максаттарына жеткенде — бул аймактарды толугу менен бошоткондо — аяктай турганын кошумчалады.

G8ге кайтуу жөнүндө

Путин Россия «Чоң сегиздикке» кайтууга умтулбай турганын билдирди.

Ал G7 өлкөлөрү өздөрүн дүйнөлүк лидер деп атаганы күмөндүү экенин айтып, алардын дүйнөлүк экономикадагы үлүшү жыл сайын азайып жатканын айтты.

Германиядагы жана Франциядагы рецессияны мисал келтирди.

«Бир учурдан тартып мен ал жыйындарга барбай да калгам. Бул Украинанын окуяларына байланыштуу эмес», — деди Путин.

Жаңы күч борборлору жөнүндө

Путин Глобалдык Түштүк тез өнүгүп жатканын, айрыкча Индия менен Индонезиянын өсүшү өзгөчө таасирдүү экенин айтты.

Африка да тез өнүгүп жатат жана келечекте бул процесстер мындан да күчөй турганын белгиледи.

Россиянын Азия жана Глобалдык Түштүк менен мамилелерди чыңдоосу жаңы көрүнүш эмес, 2000-жылдардан бери жүрүп келет деди ал.

Путинди адам катары калыптандырган нерселер жөнүндө

Путин өзүн тарбиялаган жагдайлардын ичинен биринчи орунда үй-бүлөсүн, ата-энесин, жакын адамдарын атады.

МККдагы (КГБ) иш тажрыйбасы тартипке жана өлкө кызыкчылыктарын коргоого багытталганын айтты.

СССРдин таркашынан алган сабактар

Путин СССР өзүнүн улуулугуна өтө ишенип алганын, дал ушул ишеним бир катар олуттуу каталарга алып келгенин белгиледи.

«Өлкө канчалык улуу болсо да, туура эмес чечимдер топтолуп, акырында башкарууга мүмкүн болбой калат», — деди ал.

Бул сыяктуу процесстер бүгүн да айрым өлкөлөрдө жүрүп жатканын кошумчалады.

Жасалма интеллект жөнүндө

Путин AI технологиясы жалпысынан адамзаттын жашоосун түп тамырынан өзгөртө турганын айтты.

AI биринчи колдонгон өлкөлөр экономикада, социалдык тармакта, коргонууда, медицинада жана башка бардык тармактарда чоң артыкчылыкка ээ болорун белгиледи.

Бирок жеке маалыматтарды коргоо сыяктуу олуттуу коркунучтарды да атап өттү.

Түбөлүк жашоо жөнүндө

Интервьюнун аягында Путин түбөлүктүүлүк тууралуу суроого жооп берип:

«Баарынын аягы бар. Бир гана Кудай түбөлүктүү», — деди.

Медицинанын өнүгүшү өмүрдү узартууга мүмкүнчүлүк беришин, Индияда жашоо узактыгы 77 жылда 31 жылдан 70 жашка чейин көбөйгөнүн мисал келтирди.

Жасалма интеллект жана гендердик инженерия медицинада колдонулса, натыйжалар мындан да таасирдүү болорун айтты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: В. ПутинИндияинтервьюроссия-индия мамилеси
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

29.10.2026
Ирандын президенти Москвада Путин менен пландалган жолугушуу тууралуу айтып берди

Ирандын президенти Москвада Путин менен пландалган жолугушуу тууралуу айтып берди

20.10.2026
Путин Wildberries компаниясынын жабыркаган кампаларын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү тапшырды

Путин Wildberries компаниясынын жабыркаган кампаларын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү тапшырды

20.08.2026
Мусулмандарга каршы репрессиялар, үйлөрдү бузуу жана Индиядагы ажырым: Модинин партиясын британ колонизаторлоруна салыштырышты

Мусулмандарга каршы репрессиялар, үйлөрдү бузуу жана Индиядагы ажырым: Модинин партиясын британ колонизаторлоруна салыштырышты

05.08.2026
ЖМК: БАЭ Индиядан абадан коргонуу системаларын жана BrahMos ракеталарын сатып алууну пландап жатат

ЖМК: БАЭ Индиядан абадан коргонуу системаларын жана BrahMos ракеталарын сатып алууну пландап жатат

23.06.2026
В. Путин Кремлде А. Лукашенко менен жолугушту

В. Путин Кремлде А. Лукашенко менен жолугушту

09.05.2026
В. Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

В. Путин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

09.05.2026
Индия  иран мунайы үчүн юань менен эсептешип жатат

Индия  иран мунайы үчүн юань менен эсептешип жатат

17.04.2026
Жакынкы Чыгыштагы энергия кризиси Индияны түтүк аркылуу берилген газды (PNG) колдонууга мажбурлоодо

Жакынкы Чыгыштагы энергия кризиси Индияны түтүк аркылуу берилген газды (PNG) колдонууга мажбурлоодо

26.03.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.