Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоочулар эмне дейт?

  • Кыргызстан
  • 30.11.2025 17:25

Loading

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жаңы шайлоо системасы боюнча мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Мурдагы жана азыркы шайлоолордун айырмасы электрондук системада. Бирок, жарандардын катышуусу жылдан-жылга төмөн экендиги байкалууда.

Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунда майрамдык маанай билинбеген менен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар өз добуштарын берип кетип жатышат. Алардын катарын ар кандай курактагы кишилер түзүүдө.

Токтобай Исабеков:

Тема боюнча

Б. Жумагулов: «Шайлоочулардын ишеними болбосо, ар кандай технологиялык жаңычылдык маанисин жоготот»

Б. Жумагулов: «Шайлоочулардын ишеними болбосо, ар кандай технологиялык жаңычылдык маанисин жоготот»

18.12.2025

– Кыргызстандагы президенттик же парламенттик болобу бардык шайлоолорго катышып келе жатам. Шайлоо алдындагы убадалардын көбүн уктум, эч кайсынысы аткарылган жок. Бирок, бул жолкусундагы үгүт иштеринде мурдагыдай убадалар берилбеди. Жол, мектеп жана башка социалдык объекттерди салууну өкмөт өз мойнуна алгандыктан, талапкерлер элдин үнүн жеткирүүгө убада беришти.

Ошондуктан айтып коюушум керек, Свердлов районундагы №1310 шайлоо участкасы жайкашкан Дача көчөсүндөгү мектептин аймагы жайгашкан жерине чейин асфальт төшөлүп, андан ары жок. Себеби бул убагында “кожо көрсүн” менен бүткөн. Ошондуктан чоңдор келсе мектепке келип эле кайткандыктан, жолдун калган бөлүгү асфальтталган эмес. Канча жерге кайрылганыбыз менен ишке ашпады. Ошондуктан бул чакырылыштын депутттары эл менен тыгыз иштешиши керек. Элге азыр куру убада өтпөйт.

Руслан Абдылдаев:

– Шайлоого катышкан элдин саны мурдагы шайлоолорго караганда аз, бирок таза өтүп жатат. Мурдагыдай сатып алуу же кандайдыр бир кысымды байкаганым жок. Эл өзүнүн тандоосу боюнча өз талапкерине добушун берип жатат. Жогорку Кеңештин буга чейинки шайлоолорунда добуш сатып алуу көмүскө, ачык түрдө да жүрүп келген.

Каныкей Иманкожоева:

– Шайлоо тынч өтүп жатат. Тартип бузууларды учураткан жокпуз. Мурдагыдай кайсы бир талапкерлерлердин тарапташтары тарабынан шайлап кой деп акча сунуштагандар болгон жок. Бирок социалдык тармактардан добуш сатып алууларга шектелгендер кармалып жаткандыгын окуп жатам. Менимче, бул туура эмес. Себеби жарандар өз каалоосу менен тандоого барганда гана таза шайлоо өтөт.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жаңы шайлоо системасы боюнча мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Боршайкомдун расмий маалыматы боюнча, жалпы 461 талапкер шайлоого катышып жатат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачылган. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салууда.

Расмий маалыматка караганда, саат 12:00гө карата шайлоого 518 473 шайлоочу добуш берсе, ал эми саат 16:00гө карата 1 073 444 адамга жетти. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 25 пайызын түзөт.

Республика боюнча шайлоо тилкелери саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган жана Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20: 00гө чейин добуш берүү уланат.

Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 тилке бар.

Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу бар. Анын 48,47% эркектер. Ал эми 51,52 % аялдар түзөт.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоого президент Садыр Жапаров катышып, Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Мамлекет башчысы журналисттерге шайлоонун жүрүшү боюнча кыскача комментарий берип жатып, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин, бирок добуш сатып алуу аракеттери токтобой жаткандыгын айтты.

“Шайлоочулар добушун сатып, талапкерлер сатып алган окуялар болуп жатат. Шайлоочулардын баары добушун сатып жатат деп айтпайм. Басымдуусу эч кандай акчага кызыкпайт. Анткени алардын жашоо-турмушу жакшы жана дүйнө таанымы жогору. Бирок добушун саткан саналуу адамдар бар”, – деди мамлекет башчысы.

Боршайкомдун акыркы берген маалыматына караганда, карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүү жокко чыгарылды. Буга 29-ноябрдагы “Фейсбук” социалдык тармагында жарыяланган видеожазууларга байланышкан алдын ала текшерүү материалдары каралгандыгы тууралуу чечимдин келип түшүшү себеп болгон.

Аталган шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгынын белгилери табылып, материалдарды мындан аркы кароо үчүн Боршайкомго жөнөтүлгөн.

Чет өлкөлөр боюнча бир шайлоо тилкеси жумушун аяктады

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө карата Россиянын Петропавловск-Камчатск шаарындагы шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктагандыгын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, аталган тилкеде добуш берүүгө келген жарандардын саны 182 адамды түзгөн.

Бирок, азыркы учурда Кыргызстандын аймагынан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Россия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Белгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат.

Добуш берүү айрыкча Россияда активдүү өтүп жатат. Муну Кыргызстан элчилигинин кеңешчиси Айдай Өмүркулова билдирди. Анын айтуусу боюнча, 540 миң кыргызстандык жашаса, алардын 350 миңи миграциялык каттоодо турат.

Азыркы тапта добуш берген кыргызстандык жарандарынын жалпы саны 8592 адамды түзгөн.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 30-ноябрдагы шайлоопарламенттик шайлоо
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

М. Маматалиев: “Шайлоого элдин аз катышуусу шайлоо системасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат”

М. Маматалиев: “Шайлоого элдин аз катышуусу шайлоо системасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат”

19.01.2026
Б. Жумагулов: «Шайлоочулардын ишеними болбосо, ар кандай технологиялык жаңычылдык маанисин жоготот»

Б. Жумагулов: «Шайлоочулардын ишеними болбосо, ар кандай технологиялык жаңычылдык маанисин жоготот»

18.12.2025
М. Айдаркулов: «Президенттин милдеттүү добуш берүү сунуштары —  кеңири коомдук талкууну талап кылат»

М. Айдаркулов: «Президенттин милдеттүү добуш берүү сунуштары — кеңири коомдук талкууну талап кылат»

18.12.2025
Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

17.12.2025
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ишин баштады

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ишин баштады

17.12.2025
БШК депутаттарга төш белгилерди 17-декабрда тапшырат

БШК депутаттарга төш белгилерди 17-декабрда тапшырат

15.12.2025
Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

05.12.2025
Б. Жумагулов: Жаңы шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү

Б. Жумагулов: Жаңы шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү

01.12.2025
Жаңы парламенттин алдын ала курамы

Жаңы парламенттин алдын ала курамы

01.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.