Палестина тарыхтагы эң терең экономикалык кризисти баштан кечирүүдө — Газанын экономикасы толугу менен кыйрады. БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) жаңы докладында анклавдагы ИДПнын кыскарышы «мурда болуп көрбөгөндөй жана катастрофалык» деп бааланат, деп билдирет Kazinform.

ЮНКТАД башкы катчысынын орун басары Педро Мануэль Морено 2025-жылдагы оккупацияланган Палестина аймактарынын экономикасына арналган докладды сунуштап жатып, көп жылдык жүрүүгө болгон чектөөлөр жана аскердик аракеттер мындан мурдагы ондогон жылдардагы жетишкендиктерди жокко чыгарып, Газаны жана Батыш жээкти кыйроого алып келгенин айтты.
— Бүгүн биз көрүп жаткан абал абдан кооптуу, — деди ал. — Газа тарыхта болуп көрбөгөндөй ылдам жана кыйратуучу экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө.
Газада ИДП 83 пайызга кыскарды
ЮНКТАДдын маалыматы боюнча, 2024-жылы Газанын ИДПсы мурунку жылга салыштырмалуу 83 пайызга азайган. Бир адамга болгон ИДП жылына 161 долларга — күнүнө 50 центтен да аз көлөмгө түшүп, дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири болду. Сектордун экономикасынын көлөмү 2022-жылдагы көрсөткүчүнөн болгону 13 пайызды түзөт.
ЮНКТАДдын улук экономисти, палестиналык калкты колдоо программасынын координатору Мутасим Элаграа бул кризис чындыгында 70 жылдык өнүгүүнү жок кылганын айтты.
— 2022-жылдан бери Газанын экономикасы өз наркынын 87 пайызын жоготту. Бир адамга эсептелген ИДП 22 жыл мурдагы деңгээлге түштү. Бул акыркы ондогон жылдардагы эң чоң экономикалык кризис, — деди ал.
Анын айтымында, жалпы мааниде жумушсуздук 50 пайызга жетсе, Газада 80 пайыздан ашкан.

Батыш жээк дагы терең кризисте
Батыш жээк да тарыхтагы эң күчтүү экономикалык төмөндөөнү баштан өткөрдү: 2024-жылы ИДП 17 пайызга, ал эми бир адамга болгон киреше дээрлик 19 пайызга кыскарды.
ЮНКТАДдын баалоосунда, өсүп жаткан туруксуздук, жүрүүгө болгон чектөөлөрдүн күчөшү, мыйзамсыз конуштардын кеңейиши жана Батыш жээктеги жердин 60 пайызына кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоголушу ондогон жылдар бою экономикалык өсүүнү басып келип, калыбына келүү мүмкүнчүлүктөрүн кескин чектеп койду.
Морено Палестинанын каржы акыбалы «тарыхтагы эң оор абалга» келип жеткенин белгиледи. Буга кирешелердин азайышы жана кармалып турган фискалдык түшүүлөр — салык кирешесинин үчтөн экисин түзгөн суммалар — түздөн-түз таасир этүүдө.
Билим берүү системасы кыйрады
Докладда Газадагы мектептердин жана университеттердин толук жок кылынышы балдарды окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканы айтылат. Эксперттердин айтымында, бул кесепеттер бир нече муунга созулмакчы.
Элаграанын сөзү боюнча, «билим берүү, жөндөм өнүктүрүү системасы жана адам капиталынын негиздери толугу менен кыйраган».
— Газа 70 жылдык өнүгүүсүн жоготту, — деди ал.
Айдоо аянттарынын 86 пайызы жабыркаган
ЮНКТАДдын маалыматы боюнча, Газада айыл чарбасы «өтө катуу жабыркаган». ЮНКТАД башкы катчысы Ребека Гринспандын айтымында, айдоо аянттарынын 86 пайызы, сугат скважиналарынын 83 пайызы, күнөсканалардын 71 пайызы бузулган. Айдоого жарактуу болгон жерде болгону 1,5 пайыз гана калган.
Калыбына келтирүү үчүн 70 млрд доллар талап кылынат
БУУ, ЕБ жана Дүйнөлүк банк биргелешип эсептегенде, Газаны калыбына келтирүүгө 70 миллиард доллардан ашык каражат керек.
Урандыларды тазалоо 22 жылга созулушу, жарылбай калган снаряддарды жок кылуу — 10 жылга чейин уланышы мүмкүн.
Морено 2025-жылдын октябрында кол коюлган ок атышууну токтотуу келишимин эскертип, бирок жардам азыр керек экенин билдирди.
— Гуманитардык жардам азыр зарыл. Экономиканы туруктуу кылуу жана калыбына келтирүүнү баштоо үчүн узак мөөнөттүү тынчтык керек, — деди ал.
Элагра өнүгүү гуманитардык жүктөрдүн эркин кирүүсү менен гана мүмкүн болорун белгилеп, акыркы окуяларды «оң» деп баалаганы менен, алардын абдан жай жүрүп жатканын айтты.
Мурун БУУ Газанын калыбына келтирүү баасын эсептеп чыккан болчу.
















