Вьетнамдын борбордук жана түштүк провинцияларында бир нече күн бою жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен келип чыккан сел жана жер көчкү кеминде 41 адамдын өмүрүн алды, дагы он чакты адам дайынсыз жоголду деп жергиликтүү ММКлар билдиришти.
60 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду, бир миллионго жакын киши электр энергиясыз калды. Автожолдордун көпчүлүк бөлүгү жабыркап, айрымдары толук жабылды. Коргоо министрлиги суу алдында калган райондордон адамдарды эвакуациялоо үчүн тик учактарды тартты. Өкмөт калкты массалык түрдө коопсуз аймактарга көчүрүү үчүн аскерлерди, полицияны жана коопсуздук кызматтарын жумшаган.
Дарыялардагы суунун деңгээли 1,5 метрге чейин көтөрүлүп, 1993-жылдагы рекорддук көрсөткүчтөрдөн ашып түштү. Муну менен катар жаан-чачын токтой элек.
Селден жабыркаган аймактардын арасында орусиялыктар көп барган Кханьхоа провинциясы да бар. Ал жерде жайгашкан Нячанг курорту россиялыктар үчүн популярдуу. Россиянын Туроператорлор ассоциациясынын маалыматына караганда, быйылкы мезгил Нячанг үчүн төмөн сезон болгондуктан, учурда курортто россиялыктар анча көп эмес. Бул маалда Фантьет жана Фукуок аралы көбүрөөк тандалат. Көпчүлүк туроператорлор курортто эс алып жаткан туристтерден нааразычылыктар түшпөгөнүн билдиришти. Бир компания бир нече турист жолдордун жабылышынан улам мейманканаларына кайтып бара албай, жардам сураганын маалымдады.
Улуттук статистика башкармалыгынын маалыматына ылайык, быйыл Вьетнамда жаратылыш кырсыктары 279 адамдын өмүрүн алып, 2 млрд доллардан ашуун зыян келтирди. Окумуштуулар экстремалдуу аба ырайынын кайталанышынын көбөйүшүн глобалдык климаттын өзгөрүшү менен байланыштырышат. Океандагы суунун 1 градуска ысып кетиши бул региондогу салттуу бороондордун көбөйүшүнө жана жаан-чачындын күчөшүнө алып келди.


















