Афганистандын кайра калыбына келиши жана өнүгүшү Борбор Азиядагы тынчтык менен туруктуулукка түздөн-түз таасир этет, — деп билдирди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Анын айтымында, бул өлкөгө байланышкан маселелер чечилмейинче, региондун туруктуулугун чыңдоо мүмкүн эмес, деп жазат Podrobno.uz агенттиги.
Өзбекстандын президенти Ташкент шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алдында жарыяланган макаласында, аймактын мамлекеттери Афганистанды региондук жана эл аралык процесстерге ырааттуу түрдө тартуу зарылдыгын түшүнүшкөнүн белгиледи.
Ш. Мирзиёевдин айтуусунда, Афганистан тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн жалпы мейкиндиктин ажырагыс бөлүгүнө айланышы керек. Бул региондун кызыкчылыктарына жооп берип, Борбор Азиянын түштүк чек арасында туруктуулуктун бекем алкагын түзүүгө өбөлгө болот.
«Региондук туруктуулукту чыңдоо Афганистан менен байланышкан маселелерди чечпестен мүмкүн эмес. Бул өлкө четте калган аймак эмес, тескерисинче, биздин жалпы региондун табигый бөлүгү. Афганистандын кайра жаралуусу жана өнүгүшү Борбор Азиядагы тынчтык менен туруктуулуктун бекемдигине түздөн-түз таасир этет», — деп жазган президент.
Ш. Мирзиёев белгилегендей, Трансафган темир жолу өзгөчө мааниге ээ. Ал Борбор Азия менен Түштүк Азияны байланыштырган маанилүү көпүрө болуп кызмат кылат. Бул долбоор ишке ашса, соода, инвестиция жана транспорттук байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, Афганистандын экономикалык жанданышына негиз түзүлөт.
Мындан тышкары, Өзбекстандын президенти макаласында Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы чек ара маселелеринин түпкүлүктүү чечилиши — региондук кызматташтыктын маанилүү жетишкендиги экенин белгиледи. Анын айтымында, өлкөлөр ондогон жылдар бою чыңалууга себеп болуп келген маселеге чекит коюшту.



















