Индиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Чхаттисгарх штатында жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддер кагышты. Кырсыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 20 киши жаракат алды.
Бул тууралуу Times of India басылмасы өлкөнүн темир жол администрациясына шилтеме берип жазды.
Жүргүнчү ташыган поезд 60–70 км/саат ылдамдыкта баратып, “Токто!” белгисине карабай, жүк ташыган поезд менен кагышкан. Кагылышуу катуу болгондуктан, жүргүнчү ташып бараткан вагондордун бири жүк поездин үстүнө чыгып кеткен. Кагылышуунун кесепетинен жүргүнчүлөрдү алып бараткан поездин машинисти да каза тапкан. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Индияда темир жол транспортунун коопсуздугу акыркы жылдары олуттуу маселе болуп барат. Бул өлкөдө жыл сайын ондогон адамдар поезд кырсыктарынан жабыркайт.



















