Кыргызстан менен Өзбекстан биринчи жолу биргелешкен хоккей чемпионатын уюштурууда. Кыргызстандын хоккей федерациясынан маалымдашкандай, алгачкы сезон «Өзбекстандын ачык чемпионаты» деп аталганы менен ал Кыргызстанда өтөт.
Мелдешке Кыргызстандан эки («СДЮШОРСИ Алга» жана «Учур» клубдары), Өзбекстандан «Хумо», «Шердор» жана «Бинокор» клубдары катышат.
Хоккей федерациянын вице-президенти Элзар Болотбековдун айтымында, келерки жылы турнирдин аталышы «Чек ара чемпионаты» деп өзгөртүлүп, эл аралык деңгээлге чыгат. Ал эл аралык хоккей федерациясы бул демилгени буга чейин жактырганын кошумчалады.
Кыргызстанда өтө турган мелдештин алгачкы беттештеринин графиги төмөндөгүдөй:
- 6-ноябрь, 19:30 — «Учур» (Кыргызстан) – «Хумо» (Өзбекстан);
- 7-ноябрь, 19:30 — «Учур» (Кыргызстан) – «Хумо» (Өзбекстан);
- 9-ноябрь, 17:00 — «СДЮШОРСИ Алга» (Кыргызстан) – «Хумо» (Өзбекстан);
- 10-ноябрь, 19:30 — «СДЮШОРСИ Алга» (Кыргызстан) – «Хумо» (Өзбекстан).
Бардык оюндар Бишкектеги шаардык муз аянтчасында өтөт.


















