Афган маалымат каражаттары Өзбекстан өкмөтү 2021-жылдын августунда чыгарылып кеткен 57 аскердик тик учакты Афганистанга кайтарып берүүгө макул болду деп жазышкан. Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурхонов бул маалымат чындыкка дал келбестигин жана фейк экенин Kun.uz агенттигине билдирген.
Анын айтымында, Өзбекстандын бул боюнча позициясы өзгөргөн жок.
8-сентябрда Afghanistan International басылмасы өз булагына таянып, “жакынкы күндөрү Өзбекстан 2021-жылы мурдагы режим кулаганда чыгарылган 57 аскердик тик учакты Афганистанга кайтарып бериши мүмкүн” деп жазган.
11-сентябрда The Kabul Times да Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахидге шилтеме берип, Ташкент аскердик техниканы кайтарып берүүгө макул болгонун маалымдаган. Мужахид бул “Афганистандын аба күчтөрүн калыбына келтирүү жана эки коңшу өлкөнүн алакасын бекемдөө үчүн маанилүү кадам” болорун билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын августунда талибдер бийликке келген учурда афган аскерлери Өзбекстанга 46 учак (22 аскердик самолет жана 24 тик учак) алып өтүшкөн. Алардын арасында Embraer EMB 314 Super Tucano, UH-60 Black Hawk, MD-530, PC-12 жана Ми-17 үлгүлөрү болгон.
Афган тараптын маалыматына караганда, талибдер бийликке келгенге чейин өлкөдө 164 аскердик учак бар болсо, азыр 81 гана калган. Ошол эле учурда 18 учак Тажикстанга чыгарылган. Кийин, сентябрь жана ноябрь айларында афган учкучтары алгач БАЭге, андан соң АКШга көчүрүлгөн.
Афганстандын убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү бир нече ирет техниканы кайтарып берүүнү талап кылышкан. Бирок Өзбекстан бул учактар жана тик учактар АКШга таандык экенин жана кайтарууга жатпай турганын белгилеп келген.
2024-жылдын августунда АКШнын Ташкенттеги элчиси Жонатан Хеник бул техниканын Өзбекстанда калаарын жана бул маселе боюнча эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү макулдашууга жетишкенин билдирген. Ал “бул техника эч качан афгандыктарга таандык болгон эмес” деп баса белгилеген.
2025-жылдын февралындагы маалыматтарга ылайык, 7 Black Hawk тик учагы Өзбекстан тарабынан АКШга кайтарылган, ал эми ондогон башка техника бирдиктери республика аймагында калууда.



















