Америкалык ишкер Илон Маскка таандык болгон xAI аттуу жасалма интеллект компаниясы онлайн-энциклопедия “Википедияга” альтернатива болгон жаңы платформаны — “Грокипедияны” ишке киргизди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.
Учурда “Грокипедия” 0.1 версиясында иштеп жатат. Сайтта 885,2 миңден ашуун макала жайгашкан. “Грокипедиянын” башкы бетинде издөө тилкеси бар, колдонуучулар каалаган суроосун ошол жерге жазып издөө жүргүзө алышат.
Маск буга чейин “Википедияны” редакциялык саясаты үчүн сынга алган.
Сентябрдын аягында ишкер xAI компаниясы “Википедияны” кайрадан жазып чыгарын билдирген. Кийинчерээк ал Grok аттуу жасалма интеллектти иштеп чыккан xAI компаниясы атайын жаңы платформа — “Грокипедияны” түзөрүн жарыялаган.
xAI компаниясы Grok жасалма интеллектин 2023-жылдын ноябрында тааныштырган. Ал эми 2024-жылдын март айында компания Grokтун ачык кодун коомчулукка сунуштаган.



















