Ирандык балбан Аболфазл Мохаммаднежад Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, спортчу 125 кг салмак категориясында кармашып, алгач молдовалык Дмитрий Дусковду 12:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда ал армениялык Хачатур Хачатурянды 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Ал жерде россиялык Хабиб Давудгаджиевди 5:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Финалда азербайжандык Хетаг Карсановду 11:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды.
Буга чейин ушул эле мелдеште ирандык балбандар 57 кг салмактагы Милад Вализаде коло медаль, 70 кг салмактагы Сина Халили күмүш медаль жана 79 кг салмактагы Мехди Юсефи коло медалдын ээси болушкан.
Сербиядагы жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат 23-октябрдан тартып 27-октябрга чейин өттү. Алты салмак категориясынын жыйынтыгында АКШ командасы 102 упай менен биринчи орунду, Иран да 102 упай менен экинчи орунду ээледи. Азербайжан командасы 55 упай менен үчүнчү орунда турат.















