22-октябрда Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде (КЭУ/МУК) “U Nexus Hub” инновациялык борборунун (Стартап-борбор) салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш чараны Кыргызстан Эл аралык университети академиялык консорциумунун президенти Арсен Айдаралиев ачты.
Салтанаттуу аземге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров, Эл аралык билим берүү академиясынын ректору Уланбек Кадыралиев катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Эдил Байсалов сөз сүйлөп, акыркы 3,4 жыл аралыгында Жогорку окуу жайлар боюнча жаңы мыйзамдар кабыл алынып, мунун негизинде инвесторлор тартылып жаткандыгына токтолду.
“Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбашыбыз керек. Инвесторлор менен бирге иштешкенге даярбыз. Жардам керек болсо кайрылыңыздар”,- деди Эдил Байсалов.
Ал белгилегендей, инвесторлордун тартылышы менен жаңы орундар жана окуу жайды санариптештирүүгө, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Университеттин президенти Арсен Айдаралиевдин айтымында, “U Nexus Hub” инновациялык борбору “Модернизациялоо” долбоорунун алгачкы кадамы катары ишке ашырылууда.
“Кыргызстандын жогорку билим берүү жана илим тармагында биринчи жолу мамлекеттик-менчик өнөктөштүк механизми колдонулат. Бул механизм университеттин инфраструктурасын жаңыртууга, санариптештирүүгө жана академиялык автономияны кеңейтүүгө багытталган”, – деди ал.
Университетке чет элдик инновациялык компанияларды Кыргызстанга тартуу жана масштабын кеңейтүү үчүн экосистема түзүлүп, бул долбоорго Түштүк Кореянын Soon Chun Hyang университети жардам берген.
“Жаңы университеттик экосистеманы түзүү Университет инновациянын, баарлашуунун жана тажрыйба алмашуунун мейкиндигине айланып, студенттер жана жаш адистер өзүн-өзү ишке ашырууга жана кесиптик өсүүгө мүмкүнчүлүк алышат”,- деди Арсен Айдаралиев.
Ал кошумчалагандай, Эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги демилгелердин арасында – БУУнун резолюциясынын алкагында Глобалдык Тоо университетин түзүү, ошондой эле жашыл энергетика, дрон-технологиялар жана электромобилдерге кызмат көрсөтүү жаатындагы компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган “Лубань устаканасы” жана “Таза энергия” долбоорлору бар.














