АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесинде америкалык аскерлер болбой турганын ырастады. Бул тууралуу ал “Fox News” телеканалына берген маегинде билдирди.
“Буга эч кандай негиз жок”, – деген ал.
12-октябрда АКШнын вице-президент Жей Ди Вэнс АКШ Газага же Израилге аскерлерин жайгаштырбай турганын билдирген. Анын айтымында, аймакта гуманитардык жардамдын жеткирилишин көзөмөлдөй турган АКШнын Борбордук командачылыгы бар.
10-октябрда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн Газада ок атышпоо келишими күчүнө кирген. 15-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп эгер ХАМАС келишимди аткарбаса, Израил Палестинанын анклавындагы аскердик операцияларын кайра башташы мүмкүн деп билдирген.
Эске салсак, сентябрь айында Ак үй Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча 20 пунктудан турган план жарыялаган. Анда ок атууну токтотуу жана 72 сааттын ичинде туткундарды бошотуу каралган.
Ага ылайык, ХАМАС жана башка топтор Газаны башкарууга аралашпашы керек, тынчтыкта жашоону колдоп, курал-жаракты тапшырып бергендерге мунапыс колдонулары айтылган. Ал эми ЦАХАЛ анклавды басып алууга же аннексиялоого аракет жасабашы кажет.
Согушту токтотуу боюнча пландын биринчи фазасында ХАМАС барымтадагылардын баарын бошотуп, өлгөндөрдүн сөөгүн өткөрүп берүүдө. Ал эми Израиль аскерлерин белгиленген чекке кайтарып, түрмөдөгү палестиналыктары чыгарууда.















