Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Парижде Луврду бир нече мүнөттө тоноп кетишти

  • Маданият
  • 20.10.2025 09:49

Loading

Парижде үч беткапчан адам Апполон галереясын тоноп, баалуу зер буюмдарды уурдап кетишкенин Le Parisien жазды.

Франциянын ИИМи: каракчылар Луврга автошаты менен киришкен.

Париждеги белгилүү Лувр музейин беткапчан каракчылар тоноп кетишти. Алар Апполон галереясына кирип, тогуз зер буюмду уурдап чыгышкан. Император Наполеон IIIнүн жубайы императрица Евгениянын таажысы сынып, көчөдө табылды. Кылмышкерлер баарын бир нече мүнөттө жасашкан. Азыр алардын издөөсү уланууда. Эксперттердин пикиринде, алар профессионалдар болушу да, дилетанттар болушу да мүмкүн. Толук маалыматты «Газета.Ru» жазды.

Тема боюнча

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

19.10.2026

Болжол менен алар Наполеон III мезгилиндеги 23 буюмдун тогузун алып кетишкен — алардын арасында жака, брошь, тиара жана башкалар бар. Уурдалган буюмдарды сатып жиберүү же эритип салуу коркунучу бар. Бирок музейден анча алыс эмес жерде императрица Евгениянын сынып калган таажысы табылды.

Коллекциядагы эң чоң бриллиант — салмагы 140 караттан ашкан белгилүү «Регент» — уурдалган эмес.

Париж прокуратурасы тергөө баштаганын билдирип, аны Соттук полициянын бандитизмге каршы бригадасына (BRB) жана маданий баалуулуктардын мыйзамсыз айлануусуна каршы борбордук башкармалыгына (OCBC) тапшырды. Азыр музейге келтирилген зыян бааланууда, полиция кылмышкерлерди издөөгө мобилизацияланган.

ИИМ министри Лоран Нуньес:

«Кылмышкерлерди мүмкүн болушунча тез табуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө».

Лувр администрациясы социалдык тармактагы билдирүүсүндө 19-октябрда музей «өзгөчө себептерден улам» жабыларын маалымдады. Азыр айнек пирамидасынын айланасы тосулган, Сена тараптагы дарбазалар жабылган.

Кантип киришкен?

Алдын ала маалымат боюнча, каракчылар музей ачылып жаткан таңкы маалда Сена жээгиндеги курулуш жүрүп жаткан тараптан киришкен. Автошатынын жардамы менен алар Апполон галереясындагы бөлмөгө түз көтөрүлүшкөн.

Эки адам бургу менен терезелерди талкалап кирип, үчүнчүсү сыртта калган. Алар зер буюмдарды алып, эки T-Max скутерине түшүп, А6 автомагистралы тарапка качып кетишкен.

ИИМ министринин айтымында, каракчылык жети мүнөттө бүтсө, маданият министри Рашида Дати бул төрт мүнөт гана созулганын айткан. Ал музейлердин коопсуздугу Францияда 40 жылдан бери жетиштүү көңүл бурулбай келе жаткан көйгөй экенин белгилеген.

Париждин борборунун мэри Ариэль Вайль мындай деди:

«Мурун бул кинону элестеткендей эле көрүнчү. Луврду мынчалык оңой тоноп кетишет деп элестетүү кыйын».

Окуядан кийин бардык коноктор эвакуацияланып, далилдерди сактоо иштери жүргүзүлгөн. Эч ким жабыркаган эмес.

Дилетанттарбы же профессионалдарбы?

ИИМдин маалыматы боюнча, кылмышкерлер чет элдик болушу мүмкүн. Ал эми маданият министрлиги алардын профессионалдар экенине ишенет. Бирок коллекционер жана Москва аукцион үйүнүн негиздөөчүсү Сергей Подстаницкий алардын дилетанттар экенин айтат:

«Профессионалдар музейди тоноп кармалып калуу кандай жеңил экенин жакшы билишет… Эч кандай “жашыруун коллекционерлер” деген жок — бул миф. Музейден уурдалган атактуу нерселердин көбүн кийин дилетанттар жасаганы билинет», — деди ал РИА Новостиге.

Антиквариат боюнча эксперт Аркадий Шварцер да уурдалган буюмдарды сатыкка коюу мүмкүн эместигин белгилеп, жакында алар «таштандыдан табылышы» мүмкүн экенин айтты:

«Каракчылардын чыныгы кардары — бул камсыздандыруу компаниясы. Бардык музей буюмдары камсыздандырылган. Алар компанияга чалып: “Биз мунун баарын жок кылабыз, бирок камсыздандыруу суммасынын жарымын төлөңүздөр” дешет. Андан кийин буюмдар “кокустан” табылып калат. Мындай окуялар дайыма ушинтип бүтөт».

Шварцердин айтымында, бул камсыздандыруу компаниясы үчүн толук сумма төлөөдөн пайдалуураак.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ЛуврПарижтоноофранция
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

21.10.2026
Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

19.10.2026
Аракчи Макронго жооп берди: Франциянын эли түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылууда

Аракчи Макронго жооп берди: Франциянын эли түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылууда

19.10.2026
Францияда «сары жилетчендердин» акцияларында 2 миңден ашык адам кармалды

Францияда «сары жилетчендердин» акцияларында 2 миңден ашык адам кармалды

19.10.2026
Франциянын карызы 3,4 триллион еврого жетти

Франциянын карызы 3,4 триллион еврого жетти

10.10.2026
Захарова Елисей сарайынын полициянын балдарга карата ырайымсыздыгы тууралуу унчукпай жатышын сынга алды

Захарова Елисей сарайынын полициянын балдарга карата ырайымсыздыгы тууралуу унчукпай жатышын сынга алды

08.10.2026
Франциядагы окуучулардын нааразылыгы жана Батыш медиасындагы кош стандарттуулук

Франциядагы окуучулардын нааразылыгы жана Батыш медиасындагы кош стандарттуулук

06.10.2026
Францияда окуучулардын нааразычылыгы массалык башаламандыкка айланды. Видео

Францияда окуучулардын нааразычылыгы массалык башаламандыкка айланды. Видео

05.10.2026
Франция Сауд Арабиясына мунай объектилерин коргоо үчүн аскерлерди жана коргонуу системаларын жөнөтөт

Франция Сауд Арабиясына мунай объектилерин коргоо үчүн аскерлерди жана коргонуу системаларын жөнөтөт

26.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.