Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнө чемпионаттарынын тандоо оюндарында эң көп гол киргизүү менен жаңы дүйнөлүк рекорд орнотту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Венгрияга каршы беттеште Роналду өзүнүн 40-голну киргизип, Гватемаланын оюнчусу Карлос Руис койгон мурунку көрсөткүчтү (39 гол) артта калтырды.
Гол Лиссабондо өткөн өз үйүндөгү беттешинин 22-мүнөтүндө киргизилип, Португалияга эсепти теңөөгө мүмкүндүк берди.
Буга чейин Роналду улуттук курама командалар тарыхындагы эң мыкты бомбардир болгон (130 гол), Европа чемпионаттарынын тарыхында (14 гол) жана Чемпиондор лигасында (145 гол) да биринчи орунда турат. Ошондой эле ал расмий оюндарда 900 голдон ашык киргизген биринчи футболчу болуп саналат. Португалиялыктын активинде Чемпиондор лигасынын беш жеңиши, Европа чемпиондугунун 2016-жылдагы алтыны жана УЕФА Улуттар лигасынын эки наамы бар.
Роналду 2006–2022-жылдар аралыгында беш дүйнө чемпионатында катары менен гол киргизген жападан жалгыз оюнчу бойдон калууда. Учурдагы тандоо цикли Португалия үчүн ийгиликтүү аяктаса, бул анын дүйнө чемпионаттарынын финалдык баскычтарына жети жолу катышуусу болушу мүмкүн.

















