Кыргызстан Ооганстандын Кичи жана Чоң-Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, экспедициянын алкагында, Бадахшан провинциясынын тургундарына жана Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды.
Ошондой эле кардиологдор, тиш дарыгерлери жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу тарабынан 765 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды алдын алуу, өз убагында аныктоо жана бодо менен майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу иштери жүргүзүлдү.
Ветеринардык кызматтын адистери малды кароо иштерин жүргүзүп, эмдөө боюнча кеңештер жана практикалык тренинг өткөрүштү.
Сапардын жүрүшүндө экспедициялык топтун жетекчилиги КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б.Дарманкул уулу Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары менен жолугушуу өткөрдү. Анда этникалык кыргыздардын жашоо шарттары, провинция бийлигинин учурда көрүп жаткан чаралары жана алдыдагы социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча пландары талкуулашты.



















