10-октябрда Тажикстандын борбору Душанбеде өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын саммитине сегиз өлкөнүн лидерлери катышары күтүлүүдө.
Келиши пландалган мамлекет башчыларынын тизмеси төмөндөгүчө:
-
Владимир Путин, Россия Федерациясынын президенти;
-
Ильхам Алиев, Азербайжан Республикасынын президенти;
-
Никол Пашинян, Армения Республикасынын премьер-министри;
-
Александр Лукашенко, Беларусь Республикасынын президенти;
-
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти;
-
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти;
-
Сердар Бердымухамедов, Түркмөнстандын президенти;
-
Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан Республикасынын президенти.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, саммиттин күн тартибинде региондук жана глобалдык коопсуздук маселелери, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле гуманитардык жана маданий байланыштарды кеңейтүү сыяктуу маселелер талкууланат. Жыйындын соңунда бир катар эки жана көп тараптуу келишимдерге кол коюу пландалууда.
Мындан тышкары, 9-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик визит менен Тажикстанга келет.
Тажикстандын ТИМинин маалыматы боюнча, визиттин алкагында Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “тет-а-тет” жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык документтерге кол коюлуп, андан кийин эки өлкө лидерлеринин биргелешкен маалымат жыйыны болот.

Ошондой эле 9-октябрда Душанбеде “Борбордук Азия – Россия” форматындагы жолугушуу өтөт. Ага Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россиянын президенттери катышат.
Маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык, бул жыйында терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө жана башка транс улуттук коркунучтарга каршы күрөшүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты координациялоо маселелери талкууланат. Жыйындын соңунда биргелешкен билдирүү жана иш-аракеттер планы кабыл алынат.
Ошол эле күнү КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт. Анда көп тармактуу кызматташтыкты чыңдоо, коопсуздукту камсыздоо жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.
Эске салсак, саммитке даярдык көрүү алкагында Душанбеде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 8–12-октябрь күндөрү шаардагы айрым жолдор, мечиттер, базарлар жана ири соода борборлору убактылуу (3төн 6 күнгө чейин) жабылат.



















