Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү – бүтүндөй өлкөнү кайгыга, коомчулукту ойго салды. Бул окуя кыз-келиндердин коопсуздугу, кылмышкерлерге карата жазанын жетиштүүлүгү боюнча олуттуу суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды.
Эл социалдык түйүндөрдө кылмышкерге катуу чара көрүлсүн деп талап кылууда. Өлүм жазасын киргизүү маселеси да кызуу талкууга түштү.
Бул окуяга президент Садыр Жапаров да реакция кылды. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов иш Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин жана өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” демилгесин көтөргөнүн билдирди.
Укук коргоочулар, саясатчылар жана конституциялык эксперттер бул демилгелердин мыйзамдык, демократиялык жана эл аралык аспектилери тууралуу өз пикирлерин билдиришти.
Турсунбек Акун, укук коргоочу: Өлүм жазасы киши өлтүргөндөргө эле эмес, коррупционерлерге да каралышы керек
Укук коргоочу Турсунбек Акун мындан 15 жыл мурун Кыргызстандын Конституциясынан өлүм жазасын алып салуу же аны өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы менен алмаштыруу боюнча демилге көтөрүлүп чыгып, ал 2010-жылы гана ишке ашкандыгын айтат.
“Дүйнөнүн 60ка жакын мамлекеттеринеде өлүм жазасы алынган. Бирок өлүм жазасы бар мамлекеттер менен айырмасы чоң. Мисалы, өлүм жазасы алынган мамлекеттерде кылмыштуулук азайып, тескерисинче өлүм жазасы үстөмдүк кылган өлкөлөрдө кылмыштуулук көбөйгөн. “Канга – кан, жанга-жан” деген сөз бар эмеспи. Деген менен бирөөнү өлүм менен жазалап, кылмыштуулукту азайта албайсың.
Учурда 17 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча талкуу болуп жатат. Ооба кылмышкер өлүмгө татыктуу. Элдин пикирин сыйлайм. Бирок Конституцияда Кыргызстан укуктуу демократиялык мамлекет деп жазылып турат. Демократиялык өлкөлөрдүн көбүндө өлүм жазасы жокко чыгарылган. Башкача айтканда, өлүм жазасы өмүр бою жаза менен алмаштырылган”,- деди уку коргоочу.
Анын айтымында, айрым учурда кээ бир жарандардын зөөкүрлүк менен кылмышка барганы үчүн Конституцияда жазылган, ошол эле учурда демократиялык жолдон четтеп дүйнөлүк аренадагы атыбызды жокко чыгаруу менен өлүм жазасын кайра киргизебиз дегендин өзү туура эмес. Бул кадам менен эл аралык нормалар, Баш мыйзам бузулат, ошол эле маалда кайра өзгөртүүгө дуушар болот. Бул өтө чоң процесс.
“Мындан тышкары, дүйнөнүн көптөгөн демократиялык мамлекеттеринин, эл аралык уюмдардын, БУУнун жана Евробиримдиктин катуу сынына кабылышыбыз мүмкүн. Ошол эле маалда инвестициялардын суммасы кыскарат”, – дейт укук коргоочу.
Ал белгилегендей, өлүм жазасы киргизиле турган болсо, анда Конституциядан баштап, коомго сурамжылоо жүргүзүп, жалпы добуштун негизинде баарын түп тамырынан баштап өзгөртүү керек.
Турсунбек Акун өспүрүм кызды өлтүргөн жарандын мурда соттолгондугуна жана аны соттор эмне үчүн бошотуп жибергендигине токтолду.
“Бул жерде соттор күнөөлүү. Кыргызстанда сот системасынын иштебегендигинин бирден-бир көрсөткүчү. Соттор акыйкат иштебеген жерде адамды өлтүргөн адам эмес, өлтүрбөгөн адам өлүм жазасына тартылып кетиши мүмкүн. Бизде соттордун туура эмес чечимине байланыштуу күнөөлүү эмес адамдар өлүм жазасына тартылып кетпешине кепилдик жок. Ошондуктан өлүм жазасын киргизүүнүн өзү демократиялык мамлекеттин жаратылышына туура келбейт.
Эгер президент өлүм жазасын киргизем десе, анда жалгыз эле киши өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерлерге эле эмес, коррупционерлерге да каралышы керек. Себеби кылмышкер бир адамдын канына забын болуп жаткан болсо, коррупционер мамлекеттин кызынасына кол салып кылмышка барып жатат. Мына ушунда гана калыстык болот”,- деди Акун.
Тазабек Икрамов, мурдагы депутат: Биринчи сот реформасын жүргүзүү керек
Мурдагы депутат Тазабек Икрамов да кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктардын күчөшү менен бирге акыркы убакта болуп жаткан трагедиялуу окуяларга баам салып, ошол эле мезгилде өлүм жазасынын киргизилишине байланыштуу өзүнүн пикирин билдирди.
“Менин жеке пикиримде президент бул демилгени профилактикалык негизде көтөрүп чыкты. Бизде жаш, көчөт кыздарды зордуктап, өлтүрүп койгон фактылар көбөйгөндүктөн коомчулук тарабынан өлүм жазасын киргизүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп жатат. Мындай кылмыштар токтобой жаткандыктан биз бул демилгенин чыгып жатканын туура түшүнүшүбүз керек.
Бирок, бир нерсени эске алуубуз зарыл. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчөлүккө өз талапкерлигин коюп, ТИМ дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер менен консультацияларды жүргүзүп жатат. Эгер биз өлүм жазасын мыйзамдаштырсак, эл аралык коомчулук кандай кабыл алат деген да пикир жаралат. Албетте, мен андай кылмышкерлер мыйзам чегинде эң жогорку жазасын алышын колдойм. Биз зөөкүрлүккө, зордукчулукка эч качан жол бербешибиз керек”,- дейт экс-депутат.
Ал Конституцияда атайын адам өлтүрүүгө жаза өмүр бою эркинен ажыратуу каралгандыгын белгиледи.
“Мыйзам бар, аны аткарууда сот бийлиги кандай чара көрүп жатканы боюнча бүдөмүк ойлор бар. Менимче биринчи сот реформасын жүргүзүүбүз керек”,- деди Икрамов.
Бекбосун Бөрүбашов: Өлүм жазасын кайтаруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек
2021-жылдагы конституциялык реформада Конституциялык кеңешмени жетектеген Бекбосун Бөрүбашов өлүм жазасын кайтаруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жалпы элдик добуш берүү аркылуу ишке ашат.
Ошондой эле ал референдумду президент демилгелей аларын жана аны парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрсө болорун кошумчалаган.
“Аялдарга жана балдарга карата жасалган оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы керек. Эл аралык нормаларды Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен кыйгап өтсө болот. Албетте, адам укугун айтып нааразы болгондор чыгат. Бирок алар эмнегедир кылмышкерлер башкалардын укугун бузуп жатканын айтышпайт. Мыйзамдын нормалары коомдун кызыкчылыгына жооп бериши керек. АКШнын 30дан ашык штатында өлүм жазасы бар, бирок адам укугу тууралуу көп кыйкыргандар да ошолор”, – деген Бөрүбашов.
Конституция боюнча Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган
1998-жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилип, 2007-жылы мындай жаза өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.
Акыркы жолу 2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровго педофилдерди өлүм жазасына тартуу жазасын киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунушташкан. Бирок өкмөт депутаттардын бул аракетине каршылыгын билдирген.
Айсулуунун өлүмү
17 жаштагы өспүрүм Айсулуу Мукашева 27-сентябрь күнү түш ченде Барскоон айылынан Каракол шаарына чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, 29-сентябрь күнү Боом капчыгайына жакын жерден сөөгү табылган.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 41 жаштагы шектүү кызды Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Шектүү учурда кармалып, кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, 2 айга камакка алынды.
Жогорку сот шектүү буга чейин эки жолу сот жообуна тартылганын ырастады.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева шектүү деп кармалган жарандын мурда соттолгондугу тууралуу маалыматка байланыштуу Башкы прокуратурага кат жолдоду.
Анда Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинин калыс жана дыкат тергелишине мониторинг жүргүзө тургандыгын билдирип, шектүүгө карата мурда чыгарылган өкүмдөрдүн негиздүүлүгүн кылдат текшерүүнү сунуштаган.
Турдайым Кожомбердиева



















