1-октябрда түнкү саат 00:01де (Вашингтон убактысы, Москва убактысы боюнча 07:01) АКШда расмий түрдө шатдаун башталды — федералдык өкмөт жаңы каржы жылына бюджет кабыл албагандыктан ишин токтотту.
Бул мезгилде мамлекеттик мекемелерге акча сарптоого тыюу салынат, көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер айлыксыз өргүүгө чыгышат, ал эми критикалык маанилүү функцияларды аткаргандар (дарыгерлер, чек арачылар, аскерлер, транспорт кызматкерлери ж.б.) айлыксыз иштөөгө мажбур болушат.
Бул акыркы жети жылдагы биринчи толук масштабдуу шатдаун болду. Мурунку жылдары конгресс убактылуу бюджеттерди (continuing resolution, CR) кабыл алып, өкмөттүн иши толук токтобой келген. АКШнын заманбап тарыхында бул 21- ирет кайталанып жатат. Эң узак шатдаун Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болуп, 2018-жылдын 22-декабрынан 2019-жылдын 25-январына чейин 35 күн созулган. Ал кезде айлыксыз өргүүгө чыккан кызматкерлер азык-түлүк жардамын сурап кайрылса, айлыксыз иштегендер ооруп калганын шылтоо кылып жумушка чыкпай калышкан. Ал шатдаун АКШ экономикасына 3 млрд доллар чыгым алып келген.
Эмне үчүн АКШда шатдаун болду
Башкы талаш Жеткиликтүү медициналык тейлөө жөнүндө мыйзамга (Affordable Care Act, ACA) кирген субсидияларды сактап калуу маселесинде чыкты. Алар 2025-жылдын аягында токтойт. Демократтар бул нормаларсыз бюджетти колдобой турганын айтышууда. Ошондой эле алар Medicaid программасына, Ооруларды көзөмөлдөө борборуна (CDC) жана Улуттук саламаттык институттарына (NIH) каржылоону кыскартууга каршы чыгышууда.
2024-жылдагы шайлоодон кийин Конгресстин эки палатасы тең республикачылардын колуна өткөн. Бирок Сенатта бюджетти өткөрүү үчүн 60 добуш керек, аларда болгону 53 бар. Республикачылар келишимге баруудан баш тартып, саламаттыкты сактоо маселелерин бюджеттен өзүнчө талкуулайлы дешкен, бирок демократтар макул болгон жок. Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер: «Алардын мыйзам долбоорунда демократтардын катышы таптакыр жок. Мурун биз мындай кылчу эмеспиз», — деди.
Убактылуу бюджет кабыл алуу аракети дагы ийгиликсиз болду. Өкмөттү сентябрга чейин каржылоону көздөгөн резолюция өкүлдөр палатасында колдоо тапкан менен сенатта өтпөй калды. Демократтардын айрымдары республикачылардын убактылуу резолюциясын колдогон үчүн сынга кабылып, Трамп администрациясынын саясатына катуураак каршы чыгууга аргасыз болушту.
Шатдаун башталаардан эки күн мурда президент Трамп партия лидерлери менен жолугушкан, бирок ал да жыйынтыксыз бүттү. Шумер Трампка субсидиялардын жоголушу америкалык үй-бүлөлөрдүн чыгымын айына орточо 400 долларга көбөйтөөрүн айтканда, президент бул цифраны биринчи жолу уккандай түр көрсөткөнүн билдирди. Бирок Трамп жана анын партиясы позициясын өзгөрткөн жок. Вице-президент Жей Ди Вэнс болсо демократтарды «өкмөттү барымтага алуу менен күнөөлүү» деп айыптады.
Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис: «Эгер шатдаун болсо, анда бул республикачылардын чечими. Алар өкмөттүн ишин токтотуп, америкалык элге зыян келтирүүнү тандашты», — деди.
Шатдаун эмнеге алып келет?
Трамп администрациясы алдын ала федералдык агенттиктерге массалык кыскартуу пландарын даярдоону тапшырды. Бул мурунку шатдаундардан айырмаланат, анда кызматкерлер айлыксыз өргүүгө гана чыгышчу. Washington Postтун маалыматына ылайык, коргонуу жана ички коопсуздук министрликтери менен миграциялык кызматтар Трамптын «чоң сонун мыйзамы» аркылуу кошумча каржылоо алып, кыскартуудан качып калышты.
Калган мекемелер болсо кадрларын минималдуу деңгээлде калтырып, өкмөт кайра ишке киргенден кийин да ошол абалда калууга аргасыз болушу мүмкүн. Бул Трамптын мамлекеттик аппаратты кыскартуу саясатына дал келет. Президент өзү NBC Newsка берген маегинде, кыскартуу түпкүдөй болушу ыктымал экенин, бирок аны болтурбоону кааларын кошумчалады.
Жалпысынан 4 млнго жакын мамлекеттик кызматкер айлыксыз калат. АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматкерлеринин 41%ын өргүүгө чыгарат, CDC — 64%, NIH — 75%. Пентагондо 741,5 миң жарандык кызматкердин жарымынан көбү (334,9 миңи) айлыксыз өргүүгө кетет, 182,7 миңи башка булактар аркылуу каржыланат, ал эми 223,9 миң кызматкер жана 2 млн.го жакын аскер кызматкерлери айлыксыз иштешет. Ошондой эле Иммиграция жана бажы кызматынын кызматкерлери, полиция жана авиадиспетчерлер да акысыз иштеп, бул рейстердин кечигүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, чакан бизнести колдоо ассоциациясы (Small Business Association) насыя бере албайт, үй курууга федералдык кредиттер да токтотулат. Мамлекеттик подрядчылар (күзөтчүлөр, тазалоочулар ж.б.) жумушсуз калат жана аларга компенсация төлөнбөйт. Ал эми конгрессмендер өз айлыктарын ала беришет. Социалдык төлөмдөр уланат, бирок алар боюнча маалымат жана консультация алуу кыйындап калат.


















