Словениянын бийлиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга каршы чектөө чараларын киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Х социалдык түйүндөгү баракчасында билдирди.
“Словения өкмөтү Израил мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга каршы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды”, — деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Нева Грашич Нетаньяхуга байланыштуу чечимди ал согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча айыпталып жаткан сот процесси менен түшүндүрдү.
Нетаньяхуга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын 24UR телеканалы маалымдады.
Словениянын президенти Наташа Пирц Мусар 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп, мамлекеттерди Газадагы геноцидди токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырган.
2024-жылы Словения Палестинанын мамлекеттик макамын тааныган.
21-сентябрда Португалия, Канада, Австралия жана Улуу Британия расмий түрдө Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таанышты.
22-сентябрда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) трибунасынан Париж Палестинаны мамлекет катары тааныганын жарыялады.
Мындан тышкары, Палестинанын эгемендигин Бельгия, Люксембург, Мальта, Андорра жана Монако таанышты.


















