Йемендик «Ансар Аллах» кыймылы же хуситтер Тель-Авивге «гиперүндүү баллистикалык ракета» менен сокку урду. Бул тууралуу кыймылдын аскерий өкүлү Яхья Сария «Al Masirah» телеканалы аркылуу билдирди.
Анын тактоосунда, чабуул «Палестина-2» деп аталган көп заряддуу гиперүндүү баллистикалык ракета менен жүргүзүлгөн. Сариянын айтымында, ракета «оккупацияланган Яффо районундагы (Тель-Авив) бир нече маанилүү бутага» тийген. Ал сокку ийгиликтүү болгонун белгиледи.
25-сентябрда Израилдин истребителдери Йемендин түндүгүн көзөмөлдөгөн «Ансар Аллах» кыймылына таандык аскерий объектилерге аба соккусун жасаган. Сокку өлкөнүн борбору Санага, анын ичинде президенттик сарайдын аймагындагы аскерий лагерге да урулган. Бул учур хусит лидерлеринин бири Бадр эд-Дин аль-Хусинин жумалык кайрылуусу көрсөтүлүп жаткан маалга туура келген.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Йемендеги объектилерге болгон соккуну ырастады. Ал кошумчалагандай, Израил коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) бир нече аскерий лагерди, анын ичинде хуситтердин башкы штабы жайгашкан лагерди бутага алып, ондогон хусит жоочуларын жок кылып, учкучсуз аппараттар жана курал-жарак сакталган кампаларды талкалаган.
Мунун алдында хуситтер Израилдеги «стратегиялык объектилерге» сокку урганын жарыялашкан.


















