Буунун башкы катчысы Антониу Гутерриш автономдуу өлүмгө алып келүүчү куралдарды тыюуга чакырды. Ошондой эле ал жасалма интеллектке (ЖИ) адамдын көзөмөлү зарыл экенин айтты.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жасалма интеллект (ЖИ) дүйнөгө жана коопсуздукка таасир эте баштаганын белгилеп, глобалдык жөнгө салуу алкактарын түзүүгө жана күч колдонууга адамдын көзөмөлүн камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жасалма интеллект боюнча жыйынында билдирди.
“Так айтып коёлу: адамзаттын тагдыры алгоритмге берилбеши керек. Ар дайым жашоо менен өлүм тууралуу чечим кабыл алууда адамдардын бийлиги сакталышы зарыл”, — деди Гутерриш. Ал келерки жылга чейин “адамдын көзөмөлүсүз иштеген өлүмгө алып келүүчү автономдуу курал системаларын” тыюу салган юридикалык жактан милдеттүү документти кабыл алууга чакырып, өзөктүк куралды колдонуу тууралуу чечимдерди “машиналар эмес, адамдар кабыл алышы керектигин” баса белгиледи.
Башкы катчы жакында болгон кагылышуулар ЖИ негизиндеги багыттоо системалары үчүн “сынама аянтчага” айланганын белгилеп, ЖИ колдонулган киберчабуулдар бир нече мүнөт ичинде маанилүү инфраструктураны кыйратып салышы мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ал ЖИ аудио жана видео материалдарды жасалмалап чыгара ала турганына тынчсызданып, бул маалыматтын бүтүндүгүнө коркунуч жаратып, коомдо бөлүнүүнү күчөтүп, дипломатиялык кризистерди шартташы мүмкүн экенин белгиледи.
Бул маселелерди чечүү үчүн Гутерриш төрт артыкчылыкты белгиледи: күч колдонууга адамдын көзөмөлүн камсыз кылуу, глобалдык нормативдик алкактарды түзүү, маалыматтын бүтүндүгүн коргоо жана ЖИ боюнча ар кайсы өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүндөгү айырмачылыкты жоюу. Ошондой эле ал БУУнун колдоосу астында ЖИ боюнча Эл аралык көзкарандысыз илимий панель түзүлөрүн жана жыл сайын Глобалдык диалог өткөрүлөрүн жарыялады.

















