Өткөн түнү дүйнөлүк футболдун абройлуу сыйлыктарынын бири болгон «Алтын топ» сыйлыгынын 69-жолку тапшыруу аземи өткөрүлдү. Тактап айтканда, 22-сентябрда Парижде France Football журналы тарабынан 2024/25 сезонунун мыкты футболчусуна сыйлык тапшыруу аземи өттү.
Жыйынтык күтүлгөндөй болду
2025-жылдын 23-сентябрда франциялык France Football журналынын дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна “Алтын топ” сыйлыгын тапшыруу аземи Париждеги Шателе театрында өттү.
Быйылкы жылдагы “Алтын топту” ПСЖнын оюнчусу Усман Дембеле жеңип алды. Кубокту ага Роналдиньо тапшырды. Ал ПСЖ үчүн өткөн сезондо 53 беттеш өткөрүп, аны менен Чемпиондор Лигасын да утуп алган. Дембеле 35 гол киргизип, 14 голдук пас бергени эске алынды. Өз сөзүндө Усман абдан эмоционалдуу келип, командалаштарына, улуттук курамасына, машыктыруучуларына, мурунку клубдарына жана үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.
Ал эми айымдар арасында “Алтын топту” быйыл да Барселонанын оюнчусу Айтана Бонмати утуп алды. Ал 2023-2024-жылкы “Алтын топтун” жеңүүчү болгон. Ошентип ал үчүнчү жолу катары менен жеңүүчү аталды.
21 жашка чейинки мыкты оюнчулар арасындагы “Копа Трофейи” экинчи жыл катары менен Барселонанын оюнчусу Ламин Ямалга ыйгарылды. Ал “Алтын топтун” негизги жеңүүчүсүн аныктоо үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгында экинчи орунду ээлеп калды. Ал эми айымдар арасындагы “Копа Трофейин” Барселонанын оюнчусу Вики Лопес жеңди.
Дарбазачылар арасындагы “Яшин” кубогу – мурунку сезонду ПСЖда өткөргөн Джанлуиджи Доннаруммага жана Челсинин аялдар командасынын дарбазачысы Ханна Хэмптонго ыйгарылды.
“Мыкты клуб” номинациясын эркектер футболунда ПСЖ, аялдар футболунда Арсенал ээледи.
ПСЖнын машыктыруучусу Луис Энрике эң мыкты машыктыруучу катары “Йоганн Кройфф” кубогуна ээ болду. Еврону жеңген Англиянын аялдар командасынын башкы машыктыруучусу Сарина Вигман да ушул эле кубоктун ээси аталды.
Мыкты чабуулчулар үчүн “Герд Мюллердин” кубогу Спортинг клубунда ойногон Виктор Дёкереске жана “Барселона” менен Польша курама командасынын оюнчусу Эва Пайорго ыйгарылды.
Рак менен ооруган балдарга жардам берген Xana Foundation талаадан тышкаркы иштери үчүн Sócrates Trophy сыйлыгын алды. Фонд Луис Энрикенин рак оорусунан каза болгон кызы Хананын урматына аталган. Энрикенин үй-бүлөсү фонддун ишмердүүлүгүнө активдүү катышат.
Быйылкы сыйлыктардын ээлери
- Эркектер арасындагы “Алтын топ”: Усман Дембеле (ПСЖ, Франция);
- Аялдар арасындагы “Алтын топ”: Айтана Бонмати (Барселона, Испания);
- Копа Трофейи (21 жашка чейинки мыкты оюнчу): Ламин Жамал (Барселона, Испания);
- Айымдар арасындагы Копа Трофейи: Вики Лопес (Барселона, Испания);
- Яшин Трофейи (Мыкты дарбазачы): Джанлуиджи Доннарумма (ПСЖ/Манчестер Сити, Италия);
- Аялдар арасында Яшин Трофейи: Ханна Хэмптон (Челси, Англия);
- Герд Мюллер кубогу (мыкты чабуулчу): Виктор Гёкерес («Спортинг»/Арсенал, Швеция);
- Герд Мюллер Трофейи (айымдар): Ева Пайор (Барселона, Польша);
- Сократ сыйлыгы: Xana Foundation;
- Мыкты эркектер клубу: ПСЖ;
- Мыкты аялдар клубу: Арсенал;
- Жылдын мыкты машыктыруучусу: Луис Энрике (ПСЖ);
- Жылдын мыкты айымдар арасындагы машыктыруучу: Сарина Вигман (Англия курама командасы).
“Алтын топтун” тарыхы…
“Алтын топ” (французча Ballon d’Or) — Франциянын France Football журналы тарабынан жыл ичинде өзүнүн мыктылыгы менен айырмаланган футболчуларга берилүүчү дүйнөлүк сыйлык. Бул футболчу үчүн эң престиждүү сыйлык болуп эсептелет.
Биринчи “Алтын топ” 1956-жылы берилген. Анда англиялык “Блэкпул” футбол клубанун чабуулчусу Стэнли Мэтьюс жеңип алган. Алгач “Алтын топтун” ээси журналисттер тарабынан европалык клубдарда ойногон европалык гана футболчуларга добуш берүү менен аныкталгандыктан, Диего Марадона менен Пеле сыяктуу оюнчулар сыйлыкка ээ боло алышкан эмес.
2010-жылы France Football менен ФИФАнын ортосундагы келишимдин негизинде бул сыйлык убактылуу ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыгы менен бириктирилип, ФИФАнын “Алтын тобу” деп аталган. 2016-жылы France Football менен ФИФАнын өнөктөштүгү токтотулуп, ФИФАнын эркектер арасындагы “эң мыкты оюнчу” деп аталган жаңы сыйлыкты бере баштаган.
“Алтын топту” France Football журналынын башкы редактору Габриэль Ханот негиздеген. 1956-жылдан 2006-жылга чейин “Алтын топ” ээси футбол журналисттеринин добуш берүүсү менен тандалып келсе, 2007-жылдан бери 180 адамдан турган курама командалардын машыктыруучулары жана капитандарынын добуш берүүсү аркылуу аныкталып калган.
Алгач “Алтын топ” европалык футболчуларга гана ыйгарылып келген, бирок 1995-жылдан баштап европалык клубда ойногон бардык улуттун футболчуларына бериле баштаган. Ал эми 2007-жылдан бери “Алтын топ” дүйнө жүзүндөгү бардык профессионал футболчуга ыйгарыла турган болгон.
Тарыхта аны эң көп алган футболчу катары Лионель Месси эсептелет. Ал былтыр, 2023-жылы, сегизинчи ирет жеңип алган. Ал эми Криштиану Роналду 5 жолу уткан.
А.Белеков
Сүрөт: REUTERS/Бенуа Тессиер

















