Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылында КР Баатыры, КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди.
Алп акынды эскерүү иш-чарасы
Алгач акындын атын алып жүргөн “Сай-Талаа” орто мектебинде эстелиги ачылып, гүлчамбар коюлду. Андан соң конокторго арналып тигилген боз үйлөрдүн курчоосундагы сахнада салтанаттуу азем башталды.
Сахнадагы экрандан калемгердин өмүр баянын чагылдырган кыскача тасма көрсөтүлүп, акындын өмүрүнүн урунттуу учурларын чагылдырган көркөм постановка коюлду.
Мааракеге Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Курбанбек Айтибаев, ЖК депутаттары С.Өмүрзаков, Э.Токтошев, А.Исраилов, Ч.Султанбековалар, илимпоздор, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар жана айыл тургундары катышты.
Иш-чарада “Кара-Кулжа” коомунун К.Токтосартов баштаган өкүлдөрү сөз сүйлөп, акчалай сыйлыктарын жана акындын 100 ырынан турган ыр китебин тартуулашты. Бул күнкү салтанатты акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар көркүнө чыгарды.
Ошондой эле улуу акындын чыгармачылыгы, улуттук адабияттагы орду жана элине калтырган мурасы кеңири чагылдырылды. Мындан сырткары, ат чабыш, кыз куумай, эр эңиш, көк бөрү, тогуз коргоол, күрөш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.
Катышуучулар Сооронбай Жусуевдин өмүр жолу менен чыгармачылыгы жаш муундарды мекенчилдикке, адеп-ахлакка жана улуттук баалуулуктарды ыйык тутууга үндөрүн белгилешти.
Өмүр баянынан кыскача
Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.
Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жылдары Совет (азыркы Кара-Кулжа району) райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштейт.
1947–1949-жылы Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1951-жылы Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеген.
1951–1956-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.
С.Жусуев 1957–1959-жылы «Ала-Тоо» адабий көркөм журналынын башкы редактору, «Чалкан» журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жылдары, Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.
С.Жусуев 2016-жылы 4-февралда каза болуп, маркумга арналып мамлекеттик ырасымдар өткөрүлүп, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
Акындын чыгармачылыгы
Сооронбай Жусуевдин алгачкы “Алдыга жүргүн, кыргыздар!”,-деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланган. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан кийин акындын 30дан ашык китеби жарык көргөн. Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган.
Ал Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Абайдын, Мактумгулунун, Омар Хайямдын, Маяковскийдин, Есениндин, Гамзатовдун ж.б. акындардын ырларын чебер которгон.
Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган. 1990-жылы Москвадагы воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган. 1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон.
Жусуевдин 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С.Жусуев биринчи даражадагы Ата-Мекендик согуш ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору.
Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке Сооронбай Жусуевдин аты коюлган.
2005-жылы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму (ВОИС) чыгармачылык ийгиликтери үчүн Сооронбайды Алтын медаль менен сыйлаган.
Президенттин 2007-жылдын 13-февралындагы Жарлыгы менен улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын Сооронбайга «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шум-кар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилген.
А.Каракозуев



















