КЭДРдин лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен биригүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, аны АКШнын колониясы жана өзгөрбөс душман деп атады. Бул билдирүү 21-сентябрда КЭДРдын 14-чакырылышындагы Жогорку Элдик Жыйынынын 13-сессиясындагы программалык сөзүндө айтылды, деп билдирди Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги (ЦТАК).
Түндүк Кореянын лидери коңшулардын «системаны жана режимди жок кылууга болгон тубаса умтулуусун» баса белгиледи. Анын айтымында, Ли Чжэ Мён жетектеген жаңы түштүккореялык администрация мурунку бийликтерден айырмаланып, мамилелерди жакшыртууга жана элдешүүгө умтулууда, бирок принципиалдуу өзгөрүүлөр болгон жок. Ал 2026-жылга карата түштүккореялык бюджеттик план мурунку президент Юн Сок Ёль башкарган доорго салыштырмалуу аскердик чыгымдардын 8,2%га көбөйгөнүн көрсөтөрүн белгиледи.
Ким Чен Ын акыркы убакта активдүү талкууланып жаткан Кореянын биригүү мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, мындай сүйлөшүүлөрдүн маанисиз экенин айтты. «… Улуттук кызыкчылыктар жагынан караганда, өзүнүн саясатын жана улуттук коргоосун башка державаларга тапшырган өлкө менен биригүүнү көздөбөйбүз», — деди ал.
«Дүйнө тарыхында эки душман мамлекет ушундай жол менен биригип кеткен учур болгонбу? Эгер мамлекеттердин бирөөсү жок болуп кетиши керек болсо, эмне үчүн биз биригүүгө умтулушубуз керек? Биз улуттук мыйзамдарда так жазып коёбуз: (Республика) Корея жана биз — бири-биринен чек ара менен бөлүнгөн эки башка мамлекетпиз жана эч качан бир бүтүн боло албайбыз», — деп жыйынтыктады Ким Чен Ын.



















